Шыкмаматов креативдүү тармакка берилген жеңилдиктерди түшүндүрдү

Экономика Загрузка... 17 Июнь 2026 15:10
2966772.61cbac39bc1c23734a7530d9197a7fcb.jpg
copyright icon WWW

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 12.06.26. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов IT тармагынын өкүлдөрүнө, ошондой эле креативдүү жана чыгармачылык ишмердүүлүк менен алектенген субъекттерге берилген салыктык жеңилдиктер тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, бул аталган тармакка берилип жаткан экономикалык "каникул". Мунун максаты - келечекте өлкөдө туруктуу салык төлөө маданиятын калыптандыруу жана көбөйтүү. Бул дүйнөлүк алдыңкы практиктердин, экономисттердин тажрыйбасынан алынган натыйжалуу модель.

"Мындай ыкманы колдонгон мамлекеттерде салыктык түшүүлөр өсүп, көмүскө экономика азаят. Ал эми колдонбогон өлкөлөрдө коррупция күчөй берет", - деди ал.

Шыкмаматов буга чейин Креативдүү индустриялар паркына кирген компаниялардын салыктык төлөмдөрү 20 эсеге өскөнүн мисал келтирди. Төраганын айтымында, учурда Кыргызстанда блогерликтен расмий түрдө киреше тапкан 40ка жакын гана жаран бар.

"Блогерлердин басымдуу бөлүгү учурда бартердик негизде кызмат көрсөтүшөт. Башкача айтканда, алар кайсы бир продукцияны жарнамалап бергени үчүн акысын акчалай эмес, ошол товар же кызмат көрсөтүү түрүндө алышат. Азыркы тапта блогерлерден жылына болгону 1,2 млн сом гана салык түшүүдө. Көбү көмүскөдө калууда. Эгерде биз буларга 5 жылдык жеңилдик берсек, алардын баары расмий каттоодон өтүшөт. Бул убакыт ичинде алардын саны өсүп, 5 жылдан кийин салыктын көлөмү 1,2 млн сомдун ордуна 20-30 млн сомго жетет.
Экономика илиминин мыйзамы ушундай: алгач кайсы бир тармакты колдоп, өстүрүп алып, андан кийин гана мамлекетке көбүрөк пайда алуу керек. Бул президенттин блогерлерге жеке көрсөткөн артыкчылыгы эмес, бул бүтүндөй бир келечектүү тармакты көмүскөдөн чыгаруу жана өнүктүрүү үчүн жасалган кадам", — деди Шыкмаматов.

Эске салсак, буга чейин президент Садыр Жапаров "Салык салуу жана салыктык башкаруу системасын өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, IT адистери, блогерлер жана креативдүү экономиканын башка өкүлдөрү 5 жылдык мөөнөткө салык төлөөдөн бошотулган.