Ташкент форуму: Кыргызстан экономикага жаңы инвестиция тартууну көздөйт

Экономика Загрузка... 17 Июнь 2026 13:30
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Инвестициялар боюнча улуттук агенттик

Бишкек, 17.06.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жана Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров баштаган кыргыз делегациясы Өзбекстандагы V Ташкент эл аралык инвестициялык форумуна катышты.

Агенттиктен билдиришкендей, иш сапардын алкагында алар Ташкенттеги ири CAEx эл аралык көргөзмө борборунун ишмердүүлүгү менен таанышты.

Жолугушууда кыргыз тарап ири эл аралык форумдарды, көргөзмөлөрдү өткөрүүгө түзүлгөн шарттарды жана борбордун техникалык мүмкүнчүлүктөрүн көрүп чыкты. Мындан тышкары, эки өлкөнүн бизнес өкүлдөрүнүн жолугушууларын уюштуруу жана инвестициялык долбоорлорду тааныштыруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

"Бул иш-чара кыргыз-өзбек экономикалык байланыштарын кеңейтүүгө жана Кыргызстандын экономикасына жаңы инвестицияларды алып келүүгө багытталган", - деп айтылат маалыматта.

Кыргызстандын өкүлдөрү аталган борбордун заманбап жабдылышын жогору баалап, бул объект аймактагы эл аралык жана аймактык иш-чараларды биргелешип өткөрүү үчүн маанилүү аянтча боло аларын белгилешти.