Бишкек, 17.06.26. /Кабар/. Финансы министрлиги Кыргыз фондулук биржасынын аянтчасында калк үчүн жалпы суммасы 500 млн сомду түзгөн мамлекеттик баалуу кагаздарды жайгаштырууда. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын башкы директорунун орун басары Мыктыбек Абиров “Кабар” агенттигине билдирди.
Анын айтымында, бул баалуу кагаздар эки жылдык мөөнөткө жылдык 17 пайыздык киреше менен жүгүртүүгө чыгарылат. Аны жарандар “MegaPay” мобилдик тиркемеси аркылуу сатып алса болот.
“Бир баалуу кагаздын баасы – 100 сом. Бир адам кеминде 1000 сомго он баалуу кагаз сатып алууга туура келет. Баалуу кагаздар эки жылдык мөөнөткө жүгүртүлөт. Киреше ар бир квартал сайын жарандын эсебине которулуп турат. Бирок, арада акча каражаты керек болуп калса, баалуу кагаздарды кайра эле сатып жиберүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Эгерде жаран жарым жылдын ичинде сатууну чечсе, жарым жылдык кирешесин алып, сатып жиберсе болот”, - деди ал.
Мыктыбек Абиров белгилегендей, жарандардын сатып алуусуна жараша Финансы министрлиги 500 млн сомдук баалуу кагаздарды түгөнгүчө бөлүп жайгаштыра берет.
“Кыргыз фондулук биржасы “MegaPay” мобилдик тиркемеси менен кызматташып, жаңы программа менен иш алып барууда. “MegaPay” өз тарабынан бардык талаптарды аткарып, тиркемени иштеп чыкты”, - деди ал.