Сотторду тандоодо адам фактору азаят: Жаңы электрондук система иштелип чыкты

Коом Загрузка... 25 Июнь 2026 13:10
1.webp
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 25.06.26. /Кабар/. Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш биринчи инстанциядагы соттордун кызмат орундарына талапкерлердин резервдик институтун киргизүүдө. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында белгилүү болду.

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш жергиликтүү соттордун судьялык кызматтарына сынак өткөрүү менен кадрдык резервди түзөрүн түшүндүрүштү.

Аталган кеңештин төрагасы Айбек Молдакуновдун айтымында, 2025-жылдын аягында "Түндүк" мамлекеттик мекемесинин адистери "КР судьялык кызмат орундарына талапкерлерди электрондук тандоо" санариптик тутумун иштеп чыгышкан. Бул платформа сынак аркылуу тандоонун бардык процесстерин толугу менен автоматташтырууга багытталган.

2
"Жаңы платформанын башкы милдеттери – сынактын жол-жоболорунун ачык-айкындуулугун камсыз кылуу, сырттан кийлигишүүсүз калыс тандоо жүргүзүү, коррупциялык тобокелдиктерди минималдаштыруу, ошондой эле каржылык жана убакыт чыгымдарын кыскартуу болуп саналат. Мындан сырткары, бул тутум Сот адилеттиги боюнча кеңештин иш натыйжалуулугун жогорулатууга тийиш", – деди Айбек Молдакунов.

Белгиленгендей, заманбап санариптик тутум сынактын бардык циклин камтыйт.

"Талапкерлер өздөрүнүн жеке кабинети аркылуу каттоодон өтүп, документтерин тапшырышат, тестирлөөдөн өтүп, жазуу жүзүндөгү тапшырмаларды аткарышат жана акыркы маектешүүдөн өтүшөт. Жыйынтыктоочу натыйжа бардык турлар аяктагандан кийин түзүлөт. Алынган маалыматтардын негизинде бош турган кызмат орундарына сотторду дайындоо маселеси ыкчам түрдө чечилет", – деп белгиледи ал.

Талапкерлер эки айлык интенсивдүү окуу программасынан өтүшөт. Кызматка дайындала турган учурга чейин резервдеги талапкерлер өз милдеттерин аткарууга толугу менен даяр болуп калышат. Мындай тажрыйба коңшу Казакстан жана Өзбекстан сыяктуу өлкөлөрдө ийгиликтүү колдонулуп келет.