Бишкек, 02.04.26 /Кабар/. Сот тутумун санариптик өнүктүрүү маселелери боюнча жумушчу топтун жетекчиси, Жогорку соттун судьясы Инара Гилязетдинова сот отурумдарын онлайн трансляциялоо боюнча чечимдер кандай кабыл алынарын түшүндүрдү.
Анын айтымында, трансляция жүргүзүү милдеттүү болуп эсептелбейт. Ал конкреттүү иштин бардык жагдайларын, ошондой эле процесске катышуучулардын позициясын эске алуу менен соттун кароосу боюнча ишке ашырылат.
"Эгерде бул процесске катышуучулардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо зарылчылыгына байланыштуу болсо, сот трансляция жүргүзүүдөн баш тартууга укуктуу. Жашы жете элек балдардын кызыкчылыктары, жеке жашоо маселелери, ошондой эле мыйзам тарабынан корголуучу башка баалуулуктар артыкчылыкка ээ", — деп түшүндүрдү ал.
Түз көрсөтүүлөрдүн соттун чечимине тийгизген таасири тууралуу суроого жооп берип жатып, ал судьянын сот процесси учурунда трансляцияга жазылган комментарийлерди окууга убактысы жок экенин жана мындай кылбашы керектигин билдирди. Анткени бул сотко карата таасир этүүнүн бир түрү болуп каларын белгиледи. Судья сот адилеттигин жүзөгө ашырууда бир гана мыйзамдын, аныкталган жагдайлардын жана иштин материалдарынын негизинде гана иш алып барууга тийиш экенин баса белгиледи.
Ошону менен бирге Гилязетдинова трансляциялар сот процесстеринин сапатына белгилүү бир деңгээлде таасирин тийгизерин кошумчалады.
"Алдын ала талдоо көрсөткөндөй, трансляция биринчи кезекте судьяларды процесстерди тийиштүү деңгээлде өткөрүүгө жана тартипти сактоого шыктандырат. Бул азыр коомго гана эмес, сот тутумуна да керек. Келечекте бул жарандар үчүн да маанилүү, себеби судья процессти сабаттуу жүргүзүп, негиздүү чечимдерди кабыл алса, бул укуктук маданияттын деңгээлин жана жалпы эле жарандардын сот тутумуна болгон ишенимин жогорулатат"— деди ал.
Ошондой эле түз көрсөтүүгө мүмкүн болбогон иштердин категориялары бар экени белгиленди. Аларга жабык сот отурумдары, ошондой эле трансляция мамлекеттин, коомдун кызыкчылыктарына же процесске катышуучулардын укуктарына жана мыйзамдуу кызыкчылыктарына зыян келтириши мүмкүн болгон учурлар кирет.
Анын айтымында, трансляция жүргүзүү жана жеке маалыматтарды коргоо маселелери тараптар менен алдын ала макулдашылууга тийиш. Тараптардын макулдугу жок болгон учурда трансляция жүргүзүлбөйт.
"Макулдук берилген учурда процесске катышуучулар трансляциянын ачык мүнөздө экенин жана маалыматтын тарап кетиши мүмкүн экендигин билерин ырасташат. Бул маселе боюнча чечим сот тарабынан соттук териштирүү башталганга чейин кабыл алынып, процесстин жүрүшүндө тараптардын позициялары кайрадан такталат"—деп белгиледи ал.