Суу – стратегиялык ресурс. Жалпы жыргалчылык жамааттык чечимдерди талап кылат

Аналитика Загрузка... 25 Март 2026 14:18
WhatsApp Image 2026-01-16 at 15.55.30 (2).jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Евразиянын негизги суу артериялары калыптанган тоо кыркаларында мөңгүлөр азаюуда. Глобалдык жылуулуктун таасири астында, кылымдар бою түбөлүк тоң сакталып келген бийик тоолуу аймактарда экосистемалардын деградациясы башталды. Бул экосистемалардын туруктуулугунан, түз маанисинде, эбегейсиз зор мейкиндиктердеги жашоо шарттары көз каранды.

Борбор Азиянын тоолорунда пайда болгон суулар континенттин миңдеген километр аралыгына агып барат. Бул артериялар ондогон, балким жүздөгөн миллион адамдардын муктаждыктарын камсыздап, айыл чарба жерлерин иштетүүгө жана мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Суу – бул экономиканын бардык тармактары түздөн-түз көз каранды болгон стратегиялык ресурс жана аймактардын жашоо тиричилигине жарамдуулугун аныктоочу негизги фактор.

Өткөн кылымдын 60-жылдарынан бери Кыргызстандын тоолорунда мөңгүлөрдүн 25 пайыздан ашыгы ээриди. Ошол эле учурда окумуштуулар деградациянын темпи тездеп жатканын, ал эми аймактагы аптаптуу ысык жана кургакчылык созулуп жатканын айтышууда. Климатикалык моделдер көрсөткөндөй, жадагалса инерциялык сценарийде да кылымдын аягына чейин биз мөңгүлөрдүн дагы жарымынан көбүн жоготушубуз мүмкүн. Бул дегендик, аймак суунун тартыштыгына туш болот, бул сөзсүз түрдө гидрогенерациянын көлөмүнө, айыл чарбасынын жана мал чарбасынын өндүрүмдүүлүгүнө таасирин тийгизет.

Бул – чакырык. Ондогон мамлекеттер жана алардын жүздөгөн миллион жашоочулары суунун баалуулугу бир нече эсе өскөн жаңы шарттарга көнүшү керек. Сууну үнөмдөөнү үйрөнүү менен бирге, климаттык өзгөрүүлөргө каршы турууга аракет кылуу зарыл. Кыргызстан бул күн тартибин бир нече он жылдыктардан бери илгерилетип келет. 2002-жылдын ноябрь айында Бишкекте БУУнун колдоосу менен Глобалдык тоо саммити өткөн. Биздин өлкөнүн демилгеси менен 2022-жылы БУУ Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын жарыялаган. Ошондуктан, экинчи Глобалдык тоо саммити дагы 25 жылдан кийин Кыргызстандын борборунда өткөнү турат.

Ири эл аралык иш-чараларды жана тоо саммиттерин даярдоого түздөн-түз катышкан академик Асылбек Айдаралиев "Кабар" маалымат агенттигине Кыргызстандын дагы бир маанилүү демилгеси БУУ тарабынан колдоо тапканы тууралуу айтып берди.

2

"Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгында Глобалдык тоо университетинин базалык институционалдык концепциясы иштелип чыкты. Аны тоолуу мамлекеттердин илимий жана билим берүү мекемелерин бириктирген тармактык университет форматында, Эл аралык тоо институтунун негизинде түзүү пландалууда. Концепцияда академиялык, изилдөөчүлүк жана практикалык потенциалды айкалыштырган дисциплиналар аралык платформа камтылган.

БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриштин баяндамасына төмөнкүдөй маанилүү тезис киргизилген: "Глобалдык тоо университетин түзүү – Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгынын алкагындагы негизги демилгелердин бири. Университет тоо коомчулугуна тиешелүү орчундуу маселелер боюнча академиялык алмашуунун жана изилдөөлөр чөйрөсүндөгү кызматташтыктын платформасы катары кызмат кылат".

Кыргызстанда Сантьяго түйүнүнүн аймактык борборун түзүү боюнча иштер улантылууда. Бул борбор тоолуу өлкөлөрдүн институционалдык дараметин бекемдөөгө жана илим – саясат – практикалык чечимдер байланышын өнүктүрүүгө багытталган, бул болсо келечектеги университеттин милдеттерин концептуалдык жактан толуктайт. Анын түптөлүшүнө Швейцариянын Улуттук илимий фонду, Ага Хан фонду, БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО), Climate Reality Project, Woodwell Climate Research Center жана Кытай илимдер академиясынын Тоо кырсыктары жана айлана-чөйрө институту көмөктөшүүгө даяр экенин билдиришти.

Ошондой эле International Montology Studies журналын түзүү боюнча иштер жүрүүдө. Журнал жаңы багыт – тоо жөнүндөгү илимге (монтология) арналат. Журналдын эл аралык редакциялык коллегиясы түзүлүп, ага АКШ, Кытай, Непал, Германия, Япония, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандын окумуштуулары кирди", – деди Асылбек Айдаралиев.

Тоо экосистемалары планетанын эң аялуу жаратылыш комплекстеринин катарына кирет, анткени алардын туруктуулугу климаттык, гидрологиялык жана биологиялык факторлордун кылдат балансынан түздөн-түз көз каранды. Курулуш болобу, өндүрүш иштери же транспорттук жүктөм болобу – кичинекей эле антропогендик таасири чынжырлуу реакцияны жаратышы мүмкүн.

Медиаэксперт, саясат таануучу жана Kazakhstan Today маалымат агенттигинин жетекчиси Тимур Куватов белгилегендей, мөңгүлөрдүн тездик менен эриши өзгөчө кооптуу индикатор болуп саналат. Бул көрүнүш азыр эле суу ресурстарынын азайышына, дарыялардын мезгилдик агымынын өзгөрүшүнө жана табигый кырсыктардын тобокелдигинин өсүшүнө алып келүүдө.

3

"Тоолуу аймактар айрым мамлекеттердин аймагында жайгашканына карабастан, таза сууну калыптандыруудан баштап, климатты жөнгө салууга чейинки глобалдык функцияларды аткарат. Демек, аларды коргоо айрым гана өлкөлөрдүн ички иши катары калбашы керек. Бирдиктүү мамилелерди иштеп чыгуу, илимий маалыматтар менен алмашуу, чек ара аралык экологиялык программаларды киргизүү жана жаратылышты коргоо саясатын координациялоодо эл аралык институттардын ролун күчөтүү талап кылынат.

Жаратылыш ландшафттарынын аялуулугу жогору болгон шартта, кыска мөөнөттүү экономикалык пайдага эмес, экосистемаларды сактап калууга артыкчылык берилиши керек. Бул өзгөчө адам баласынын таасири кооптуу чекке жакындап калган, интенсивдүү өздөштүрүлүп жаткан аймактар үчүн актуалдуу.

Тоо экосистемаларын сактоо – бул экологиялык гана милдет эмес, бул миллиондогон адамдардын узак мөөнөттүү коопсуздугунун, суунун туруктуулугунун жана бакубаттуулугунун маселеси. Эгерде жакынкы он жылдыктарда макулдашылган жана чечкиндүү аракеттер көрүлбөсө, биз кесепетин болжолдоо кыйын болгон татаал процесстерге туш болушубуз мүмкүн", – деп баса белгиледи Тимур Куватов.

Эксперттердин пикиринде, Бишкекте өтө турган Глобалдык тоо саммити тоолуу өлкөлөргө карата саясий-дипломатиялык иш-аракеттердин жаңы концепциясын түзүүгө негиз боло алат. Адамзаттын алдында жалпы милдет турат – ал эбегейсиз зор аймактарды суу менен камсыз кылган экосистемаларды сактап калуу. Экологдор айткандай, кар баскан чокулардан башталган дарыялар – бул баарыбыз көз каранды болгон жашоо булагы. Ошондуктан, тоолуу өлкөлөргө жаңы суу сактагычтарды курууга, ирригациялык системаларды жаңылоого, дарыялардын жана каналдардын нуктарын бетондоого конкреттүү колдоо керек. Бардыгы үчүн жалпы байлык болгон ресурстарга баарыбыз биргелешип көз салып, кам көрүшүбүз зарыл.