Кыргызстандагы биринчи ири шамал электр станциясынын (ШЭС) курулушу практикалык баскычка өттү. ТАССтын маалыматына караганда, «Росатом возобновляемая энергия» компаниясы Ысык-Көл облусунда жайгаштырыла турган объекттин деталдуу долбоорлоосун баштады. Курулуш техникасы долбоорду толук даярдоодон кийин 2026-жылы станция курула турган аянтчасына чыгат.
Бул долбоор 2024-жылдын акырында кол коюлган инвестициялык келишимдин уланышы болуп, аймактагы эң ири шамал энергетикалык объектилердин бири болушу мүмкүн. Бирок, ал Кыргызстандын шартында канчалык натыйжалуу болот? 100 МВт кубаттуулук өлкөгө реалдуу түрдө эмне берет? Табигый шарттар кандай чектөөлөрдү жаратат?
Шамал электр станциясы Ысык-Көлдүн аймагына курулат
Ысык-Көл облусу Борбор Азиядагы шамал энергиясын өнүктүрүүгө эң ыңгайлуу аймактардын бири болуп саналат. Метеорологиялык изилдөөлөргө ылайык, айрым участоктордо шамалдын орточо жылдык ылдамдыгы 6–8 м/с деңгээлине жетет.
Мындай шарттар орнотулган кубаттуулукту пайдалануу коэффициентинин 30–40% болушуна мүмкүндүк берет — бул шамал парктары үчүн жакшы көрсөткүч. Болжолдоо тастыкталса, 100 МВттык станция жылына 260–350 млн кВтс энергия өндүрүшү мүмкүн.
Кыргызстан жылына орто эсеп менен 17–19 млрд кВтс керектейт. Кыш мезгилинде дефицит 1–1,5 млрд кВтс чейин жетет. Демек, бул ШЭС өлкөнүн жылдык керектөөсүнүн 1,5–2%, же болбосо кышкы дефициттин 20–25% тегерегин жаба алат (энергия туура бөлүштүрүлсө).
Долбоор кошумча энергия булагы болот
Долбоор мезгил-мезгили менен көбөйүп-азайып туруучу, бирок маанилүү кошумча энергия булагы катары кызмат кылат, айрыкча жүктөм көп болгон учурларда. Дүйнөлүк практикада (Казакстан, Өзбекстан, Түркия) шамал парктары жылдык циклде орто эсеп менен орнотулган кубаттуулуктун 25–40% берет. Ысык-Көл ШЭСи да ушул көрсөткүчкө жакындашы мүмкүн.
Кыргызстан энергиясынын 90%ы ГЭСтерден алат, ал эми ГЭСтер суу ресурстарына түздөн-түз көз каранды. Шамал энергиясы болсо сууга муктаж эмес жана ирригация менен атаандашпайт. Бул суу аз болгон жылдары пайда боло турган тобокелдиктерди азайтат. Эгер ШЭСтин генерациясы күтүлгөндөн жогору болсо, кышкы энергия импортун да азайтууга жардам берет.
Мындан тышкары, биринчи ири шамал паркынын курулушу Кыргызстанды кайра жаралуучу энергия тармагында инвесторлор үчүн дагы жагымдуу кылат. Эгер долбоор ийгиликтүү болсо, өлкө башка эл аралык энергетикалык компаниялар үчүн да тесттик аянтчага айланышы мүмкүн.
Жыйынтык
«Росатомдун» 100 МВттык шамал электр станциясы — Кыргызстан үчүн маанилүү кадам, бирок бардык энергетикалык көйгөйлөрдү чече турган универсалдуу чечим эмес. Бирок, өлкөнүн келечектеги энергия балансындагы маанилүү элементтердин бири боло алат. Анын реалдуу натыйжалуулугу мамлекет жаңы кубаттуулукту канчалык туура интеграциялай аларына жана кайра жаралуучу энергия булактарынын өнүктүрүүнүн жалпы стратегиясына көз каранды.