Төө-Ашууда оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди

Аймак Загрузка... 08 Декабрь 2025 13:41
copyright icon Транспорт жана коммуникациялар министрлиги

Бишкек, 08.12.25. /Кабар/. Бүгүн саат 12:50дөн тарта Бишкек — Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу ашуусунда (Сосновка постунан) оор жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө убактылуу чектөө киргизилди.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, учурда аймакты караган № 9 Жол тейлөө ишканасы тарабынан тазалоо, инерттик материалдарды себүү иштери жүрүүдө.

Министрлик кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоого жана унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып алууга чакырат.

Белгилей кетсек, азыркы учурда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында кар жаап, ашууларда оор жүк ташуучу унаалардын өтүүсунө убактылуу чектөөлөр киргизилүүдө.