Таалайбек Масабиров "Ала-Тоо" депутаттык тобун жетектеди

Жогорку Кеңеш Загрузка... 19 Февраль 2026 14:55
3852317.a6b928338a9.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Бишкек, 19.02.26. /Кабар/. Депутат Таалайбек Масабиров "Ала-Тоо" депутаттык тобунун жетекчиси болду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында белгилүү болду.

Топтун депутаттары билдиргендей, бул чечим топтун мурдагы лидери Жанарбек Акаевдин кечээ, 18-февралда Ош шаарынын мэри болуп дайындалышына байланыштуу, мандатын тапшыруусунан улам кабыл алынган.