Талант Мамытов "Мекенчил" депутаттык тобунун жетекчиси болду

Жогорку Кеңеш Загрузка... 19 Февраль 2026 10:22
1060873378_464_307_.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Жогорку Кеңеш

Бишкек, 19.02.26. /Кабар/. Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Кундузбек Сулайманов "Мекенчил" депутаттык тобунун лидеринин ыйгарым укуктарын өз каалоосу менен тапшырганын билдирди.

Анын айтымында, топтун бир добуштан кабыл алган чечими менен жетекчилик жаңы шайланган депутат Талант Мамытовго өткөрүлүп берилди.

Сулайманов Мамытовдун тажрыйбасы чоң экенин белгиледи.