Бишкек 27.03.25 /Кабар/. Талас районунун бир катар мектептерине окуу китептери тапшырылды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.
Китептер Жогорку Кеңештин депутаты Русланбек Жакышов тарабынан Талас районуна караштуу Байсейит уулу Эшманбет, А.Солтонов жана М.Козубекова атындагы орто мектептерге тапшырылды.
Белгиленгендей, китептер Жогорку Кеңештин төрагасынын фондунун эсебинен алынган.
Эл өкүлү өлкөнүн билим берүү тармагы мыйзамдык негиздер менен гана бекемделбестен, заманбап билим берүү каражаттары жана сапаттуу окуу куралдары менен өз учурунда камсыздалып турушунун маанилүүлүгүн баса белгилеп: "Билим – бул жаркын келечек, ал эми билимсиздиктин аягы – туңгуюк» деп айтылгандай, билимдин нурун жаш муундарыбызга жайылтуу – өлкө келечегин жарык кылуунун эң башкы жолу", – деди.
Өз кезегинде мектептердин жамааттары ыраазычылыктарын билдирип, берилген окуу китептери окутуунун сапатын жогорулатууга, жаш жеткинчектердин билим жолундагы кадамдарын бекемдөөгө өбөлгө болорун белгилешти.