Таласта тыюу салынган агымдын мүчөлөрү радикалдуу идеологиядан баш тартты

Укук тартиби Загрузка... 15 Апрель 2026 18:45
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon УКМК

Бишкек, 15.04.26 /Кабар/. Талас облусунда тыюу салынган "Йакын-Инкар" агымынын бир нече мүчөсү радикалдуу идеологиядан баш тартты.

Атайын кызматтан билдиришкендей, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, Талас облусунун казыяты жана облустук милиция өкүлдөрү биргеликте түшүндүрүү жана алдын алуу иш-чараларын уюштурду.

Жыйынтыгында аталган диний-экстремисттик агымдын мүчөлөрү өз каталарын моюнга алып, мекендештерин салттуу ислам баалуулуктарын сактоого жана коомдун бүтүндүгүн бузбоого чакырышты.