Түндүк айланма жолу: Алгачкы ирет 1-категориядагы жол курулууда

Коом Загрузка... 13 Май 2026 14:55
WhatsApp Image 2026-05-13 at 14.53.52 (1).jpeg
copyright icon Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 13.05.26 /Кабар/. Түндүк айланма жолу - Кыргызстандагы алгачкы 1-категориядагы жол болуп саналат. Бул тууралуу “Ачык кабинет” долбоорунун алкагында “Кыргызжолтрансдолбоор” мамлекеттик ишканасынын башкы директорунун орун басары Кубанычбек Ормонов билдирди.

Орун басардын айтымында, аталган магистралдык жол 6 тилкелүү болот. Долбоор 2025-жылы башталган. Жалпы курулуш мөөнөтү 24 ай деп белгиленип, 2026-жылдын аяк ченинде бүткөрүү пландалууда.

“Жолдун жалпы учуздугу 33,4 чакырымды түзөт. Учурда Алматы – Бишкек – Ташкент жолунун 24,3 чакырымында жумуштар жүрүүдө. Жалпы 60% жумуштар аяктап калды.
Андан сырткаркы, анын негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири - башка жолдор менен кесилбейт. Жол чырактар коюлбайт. Ошондуктан, башка жолдор менен кесиле турган жерлеринде эки деңгээлдүү транспорттук түйүндөр курулууда. Жалпы 13 транспорттук түйүн курулуп, анын 11и жаңы, калган экөө капиталдык ремонттон өткөрүлөт”,-деп билдирди Ормонов.