Тоңдун Ала-Баш айылында 98 млн сомго жаңы мектеп курулду

Аймак Загрузка... 30 Апрель 2026 09:20
copyright icon Курулуш министрлиги

Бишкек, 29.04.26. /Кабар/. Тоң районунун Ала-Баш айылында 550 окуучуга ылайыкталган заманбап мектеп курулду.

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, учурда мектептин айланасына асфальт төшөө иштери жүрүп жатат.

Долбоорго ылайык, имараттын жалпы аянты 1996 чарчы метрди түзөт. Мектепте заманбап окуу класстары, дарыгердин бөлмөсү, китепкана, ашкана, лаборатория, балдар жана кыздар үчүн өзүнчө эмгек класстары, жыйындар залы жана бардык шарттары менен спорт зал каралган.

Курулуш иштери мамлекеттик бюджеттен каржыланып, жалпы наркы 98 млн сомду түздү.