Бишкек, 19.06.26. /Кабар/. Бишкек шаарындагы Аалы Токомбаев проспектиси менен Байтик баатыр көчөсүнүн кесилиши унаа кыймылы үчүн толугу менен ачылды.
Муниципалитеттен билдиришкендей, учурда кесилиште бардык керектүү жол белгилери орнотулду.
“Жол чийиндерин түшүрүү иштери аба ырайы турукташкандан кийин жүргүзүлөт”, - деп айтылат маалыматта.
Мэрия жол кыймылынын катышуучуларынан ылдамдыкты катуу сактоону, убактылуу жол белгилеринин талаптарын так аткарууну жана бул тилкеде өзгөчө этият болууну суранат.