Бишкек, 08.04.26. /Кабар/. “АБанк” жана “Элдик Банк” аркылуу берилип жаткан жеңилдетилген насыядан Токтогул районундагы “Орток” айыл чарба кооперативи 12,5 млн сом алды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган суммага 2 трактор жана көп функционалдуу жабдуу сатып алынды. Трактор Кытай өндүрүшүнөн чыгарылган, жер тегиздөө, топурак майдалоо, үрөн себүү функцияларын аткарат.
Бул заманбап техника менен дыйкандар убактысын үнөмдөп, жазгы талаа жумуштарына кете турган чыгымдарын азайта алат.
Эске салсак, “АБанк” жана “Элдик Банк” аркылуу айыл чарба кооперативдерине жеңилдетилген насыялар берилип жатат. Толук маалымат алуу үчүн аталган банктардын филиалдарына кайрылса болот.