Экономика жана коммерция министрлиги бийик тоолуу жана жетүүгө кыйын аймактарда жумуш орундарын түзүү жана алардын жакырчылык деңгээлин картага түшүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул 2023–2027-жылдарга чейинки тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча аракеттердин беш жылдыгын ишке ашыруунун Жол картасында белгиленген. Аталган беш жылдык Кыргызстандын эле эмес, Борбор Азиянын жана дүйнөнүн тоолуу аймактарында жашаган калкын климаттын өзгөрүү шарттарына ылайыкташтырып өнүктүрүүгө, мөңгү баштаган тоо экосистемаларын коргоого багытталган.
Климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу тоолуу аймактарды колдоо демилгеси Кыргызстанга таандык экени маалым. Бириккен Улуттар Уюму маселенин глобалдык актуалдуулугун эске алып, иш-аракеттердин беш жылдыгын жарыялаган.
Беш жылдыктын артыкчылыктары:
- тоолуу аймактардын туруктуу өнүгүүсүн колдоо үчүн эл аралык уюмдар жана өкмөттөр менен бекем мамилелерди түзүү;
- глобалдык өнөктөштөр тарабынан каржылык жана техникалык колдоо көрсөтүү үчүн кызматташтыкты чыңдоо;
- тоолуу аймактарда калктын жашоо сапатын жана экологияны жакшыртуу;
- аялуу жана уникалдуу тоо экосистемаларын жана алардын түрлөрүн коргоо;
- тоолуу аймактарда табигый кырсыктардын коркунучун азайтуу жана климаттын өзгөрүшүнүн таасирин азайтуу.
Кыргызстан үчүн БУУнун тоо күн тартиби — стратегиялык мүмкүнчүлүк. Эл аралык кызматташтык чыңдалып, алыскы тоолуу аймактарды өнүктүрүү жана тоо жаратылышын коргоо үчүн чет элдик уюмдардан жана институттардан инвестиция, каражат тартууга жол ачылат. Андыктан долбоорду натыйжалуу ишке ашыруу максатында атайын Жол картасы түзүлгөн. Анда мамлекеттик мекемелерге жана уюмдарга мөңгүлөрдү, жалпы эле экологияны коргоого, тоолуу аймак калкынын экономикалык абалын жана инфраструктурасын жакшыртууга багытталган бир катар тапшырмалар коюлган.
Алардын аткарылышы боюнча министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Адылбек Касымалиев жыйын өткөрүп, 2027-жылга чейин тоо аймактарын өнүктүрүү багытында конкреттүү натыйжаларга жетишүү зарылдыгын билдирди. Белгилей кетсек, келерки жылы биздин өлкө “Бишкек+25” глобалдык тоо саммитин өткөрөт.
“Анын ичинде жаңы киреше булактарын түзүү, электр энергиясы менен камсыздоо, инфраструктураны өнүктүрүү, суу менен камсыздоо, канализация, саламаттык сактоо жана билим берүүнү жакшыртуу каралган”, — деди Касымалиев.
Ошол эле учурда Кыргызстандын бийик тоолуу жана жетүүгө кыйын аймактарынын өлкө экономикасына кошкон салымын жогорулатууга шарт түзүү, социалдык-экономикалык жана жаратылыш потенциалын ачуу пландары региондорду 2025–2030-жылдарга комплекстүү өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программада белгиленген.
Экономика жана коммерция министрлиги “Кабар” агенттигине аймактарда аткарылып жаткан иштер боюнча маалымат берип, алыскы тоолуу райондордо жумуш орундарын түзүү аракеттери жүрүп жатканын билдирди. Алсак, алыскы Чаткал, Тогуз-Торо, Ала-Бука, Чоң-Алай, Кара-Кулжа, Ак-Талаа, Ат-Башы, Ак-Суу сыяктуу бир катар райондордун бийик тоолуу жерлеринин тургундарына жумуш менен камсыз болууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн.

“Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык аракеттердин Жол картасын ишке ашыруунун алкагында тоолуу аймактардын калкынын жакырчылык деңгээли картага түшүрүлүп жатат. Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан 2030-жылга чейинки бийик тоолуу, жетүүгө кыйын жана чек арага жакын аймактарды өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программаны иштеп чыгуу боюнча мекемелер аралык жумушчу топ түзүлдү.
Бийик тоолуу, жетүүгө кыйын жана чек арага жакын аймактар улуттук коопсуздукту жана өлкөнүн туруктуу экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу үчүн стратегиялык мааниге ээ. Ошол эле учурда бул аймактар бир катар объективдүү чектөөлөргө туш болушат: татаал жаратылыш-климаттык шарттар, транспорттук жана санариптик байланыштын жетишсиздиги, инфраструктуралык мүчүлүштүктөр, эмгекке жарамдуу калктын агылып кетиши жана инвестициялык активдүүлүктүн төмөндүгү.
Программанын негизги өзгөчөлүгү — мамлекеттик колдоонун даректүү моделин киргизүү. Калктуу конуштарды аялуу даражасына жараша классификациялоого жана аймактардын аялуу индексин колдонууга негизделген дифференцияланган мамилеге өтүү сунушталууда. Программа ар бир аймактын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен инфраструктуралык инвестицияларды, ишкердикти колдоону жана адамдык капиталды өнүктүрүүнү айкалыштырган, өнүгүүгө багытталган мамилени карайт”, — деп билдирди Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматы.