Түркиялык профессор Кыргызстандын медицинадагы ийгиликтерин жогору баалады

Ден соолук Загрузка... 22 Май 2026 11:00
WhatsApp_Image_2026_ZFsuVAS.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Кабар

Бишкек, 22.05.26. /Кабар/. Органдарды трансплантациялоо боюнча эл аралык симпозиумда Борбор Азия өлкөлөрү менен түрк дүйнөсүнүн ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо чакырыгы жасалды.

Түркиялык профессор, доктор Мехмет Хаберал өз сөзүндө Кыргызстандын олуттуу ийгиликтерин белгилеп, өлкөнүн өнүгүүсү сыймыктануу сезимин жаратарын баса белгиледи. Анын айтымында, аймак элдеринин орток тарыхый жана маданий баалуулуктары бар экенине карабастан, гуманитардык жана кесиптик байланыштардын начардыгынан улам ушул күнгө чейин бири-бирин жетиштүү деңгээлде түшүнө элек.

Ал тилдик жана маданий биримдиктин маанилүүлүгүнө көңүл буруп, Борбор Азия өлкөлөрүн жалпы тил жана тыгыз өз ара аракеттенүү менен бириккен башка аймактар менен салыштырды. Ал түрк дүйнөсүнүн өлкөлөрү бири-бирин жигердүү колдоп, өздөрүнүн медициналык жана илимий мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүшү керектигин баса белгиледи.

Мехмет Хаберал трансплантологияны өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурду. Доктор 2014-жылдан бери Казакстанда балдардын боорун трансплантациялоону өнүктүрүү менен алектенип келгенин, кийинчерек Өзбекстанда да иштегенин эске салды. Анын айтымында, Кыргызстандык бейтаптар да жардам сурап кайрылышкан, бул азыркы симпозиумду уюштурууга себептердин бири болгон.

Жолугушуунун катышуучуларына аймак өлкөлөрү өздөрүнүн трансплантациялык программаларын өнүктүрүү үчүн жетиштүү потенциалга, заманбап мыйзамдык базага жана кесипкөй кадрларга ээ экендиги билдирилди. Мехмет Хаберал тажрыйба бөлүшүүгө жана коңшу мамлекеттердеги кесиптештерине колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

"Биз бейтаптарыбыз үчүн биргелешип иштешибиз керек. Дарыгер катары биздин башкы милдетибиз адамдарды сапаттуу дарылоо менен камсыз кылуу жана заманбап трансплантациялоо системаларын өнүктүрүү", — деп белгиледи Хаберал.

Айта кетсек, симпозиумдун жыйынтыгы боюнча Борбор Азия өлкөлөрүнүн медициналык борборлорунун ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү, ошондой эле органдарды трансплантациялоо тармагында жаңы биргелешкен демилгелерди ишке киргизүү күтүлүүдө.