Ташкент, 03.10.25. /Кабар/. ФИФА Кеңешинин кезектеги жыйынында 2027-жылдагы футбол боюнча жаштар арасындагы (U-20) дүйнө чемпионатын өткөрүүчү өлкөлөр аныкталды, деп билдирет Өзбекстандын футбол ассоциациясы.
Чечимге ылайык, турнирди Өзбекстан менен Азербайджан биргеликте өткөрөт.
Бул мелдеш улуттук курамалар арасындагы футбол боюнча дүйнө чемпионатынан кийинки эң абройлуу турнир болуп саналат.