Бишкек, 05.06.26 /Кабар/. 2025-жылы дүйнөдөгү миллионерлердин жалпы байлыгы рекорддук деңгээлге жетип, 98,3 триллион АКШ долларын түздү. Бул тууралуу Capgemini изилдөө институтунун “Дүйнөлүк байлык – 2026” баяндамасына таянып, Казинформ билдирди.
Маалыматка ылайык, өткөн жылы дүйнө жүзүндөгү миллионерлердин саны дээрлик 2 миллион адамга көбөйүп, 25,3 миллионго жеткен. Алардын жалпы байлыгы 2024-жылга салыштырмалуу 8,7 пайызга өскөн.
Жаңы миллионерлердин саны боюнча АКШ биринчи орунду ээледи. Өлкөдө бир жыл ичинде 736 миң жаңы миллионер пайда болуп, жалпы саны 8,7 миллион адамга жеткен. Бул дүйнөдөгү эң жогорку көрсөткүч болуп саналат.
Эксперттердин талдоосуна ылайык, дүйнөлүк байлыктын өсүшүнө негизинен жасалма интеллект технологияларынын өнүгүшү жана фондулук рыноктордун көтөрүлүшү түрткү берген. Ошол эле учурда дүйнөлүк байлык өтө тең эмес бөлүштүрүлгөн бойдон калууда. Учурда дүйнөдөгү бардык активдердин дээрлик 35 пайызы эң бай 1 пайыз калктын колунда.
Аймактар боюнча эң жогорку өсүш Азия-Тынч океан аймагында катталган. Бул жерде миллионерлердин саны 9,4 пайызга көбөйүп, алардын байлыгы 10,5 пайызга өскөн. Японияда 436 миң, Кытайда 154 миң жаңы миллионер пайда болгон. Ошондой эле Индия менен Австралияда да өсүш байкалган.
Түндүк Америкада миллионерлердин саны 9,1 пайызга, Европада 6,5 пайызга өскөн. Европа өлкөлөрүнүн ичинен эң жогорку өсүш Люксембургда катталып, миллионерлердин саны 13,5 пайызга көбөйгөн.
Африкада бай адамдардын саны 4,1 пайызга, Латын Америкасында 0,3 пайызга өскөн. Африкадагы эң чоң өсүш Мароккодо катталса, Латын Америкасында эң жакшы көрсөткүчтү Мексика көрсөткөн.
Ал эми дүйнөнүн ири аймактарынын ичинен Жакынкы Чыгышта гана төмөндөө байкалган. Мунай баасынын арзандашы, аймактык жаңжалдар жана эмгек рыногундагы кыйынчылыктардан улам миллионерлердин саны 1,4 пайызга кыскарган.
Capgemini институтунун адистеринин белгилешинче, 2025-жыл дүйнөлүк байлыктын тарыхындагы өзгөчө жылдардын бири болуп калды. Анткени миллионерлердин саны да, алардын көзөмөлүндөгү активдердин көлөмү да мурда болуп көрбөгөндөй жогорку чекке жеткен.