Сауд Аравия умра үчүн бир жылдык көп жолку виза киргизди

Дүйнө Загрузка... 21 Июль 2026 17:40
hadzh_1_730x0.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 21.07.26. /Кабар/. Сауд Аравиясынын Ажылык жана умра иштери боюнча министрлиги умра зыяраты үчүн жарактуу мөөнөтү бир жыл болгон көп жолку визаны киргизди. Бул тууралуу Saudi Press Agency кабарлайт.

Жаңы виза ээсине 365 күндүн ичинде өлкөгө бир нече жолу кирүүгө мүмкүнчүлүк берет. Жалпы болуу мөөнөтү 90 күндөн ашпашы керек.

Министрликтин маалыматына ылайык, бул чечим зыяратчылар үчүн сапарды пландаштырууну жеңилдетип, ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.

Жаңы көп жолку визаны Хадж ажылыгы өтүп жаткан мезгилде (зуль-каада айынын башынан зуль-хиджа айынын 13үнө чейин) пайдаланууга болбойт.

Белгиленгендей, умра сапарына ажылык мезгилинен тышкары жылдын каалаган убагында барууга болот.