Бишкек, 21.07.26 /Кабар/. Шотландияда аба ырайынын ысык болушуна байланыштуу өлкөнүн борбору Эдинбург шаарындагы токой өрттөрү бүгүнкү күнгө чейин өчө элек. Бул тууралуу ТАСС билдирет.
Маалыматта белгиленгендей, мындан тышкары, өлкөнүн түндүгүндөгү Кэрнгормс улуттук паркында да ири токой өртү катталган. Ал болжол менен 4 чарчы чакырым аймакты каптаган. Коопсуздук максатында жергиликтүү тургундар эвакуацияланып, кемпингдер жана тоо-лыжа базалары убактылуу жабылган.
Учурда Кэрнгормстогу өрт жер-жерлерде өчүрүлгөнү менен, адистер аймактагы кырдаал дагы деле кооптуу бойдон калып жатканын билдиришти. Ал эми Артурс-Ситтеги өрттү өчүрүү иштери куткаруучулар тарабынан улантылып, азырынча жабыркагандар тууралуу маалымат жок.
Буга чейин Шотландиянын өрт-куткаруу кызматы абанын жогорку температурасына байланыштуу өлкөдө токой өрттөрүнүн чыгуу коркунучу жогору экенин эскерткен.