Бишкек, 21.07.26 /Кабар/. Афганистандын чыгышындагы Нуристан провинциясындагы муссондук жаандан улам жүргөн сел кырсыгынан кеминде 20 адам каза болуп, 100дөн ашуун адам дайынсыз болууда. Бул тууралуу Al Jazeera басылмасына таянып, Казинформ билдирди.
Маалыматка ылайык, дүйшөмбү күнү башталган сел Нуристан провинциясынын борбору Парун шаарындагы турак жайларды жана соода түйүндөрүн зыянга учураткан. Дайынсыз жоголгондордун арасында шаардын мэри да бар.
Афганистандын метеорологиялык кызматы өлкөнүн 34 провинциясынын 10унда шаршембиге чейин нөшөрлүү жаан жаап, сел жүрүшү мүмкүн экенин эскертти. Бийлик жарандарды дарыялардын жээктеринен жана сел коркунучу жогору аймактардан алыс болууга чакырды.
Пакистан менен чектешкен Нуристан провинциясы кооз тоолору, жыш токойлору жана тунук дарыялары менен белгилүү. Бирок акыркы жылдары токойлордун массалык кыйылышы жана дарактарды мыйзамсыз кыйып иштетүү топурактын жаан суусун сиңирүү мүмкүнчүлүгүн азайтып, капыстан жүрүүчү селдердин күчөшүнө себеп болуп жатканы белгиленет.
Афганистандын Айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинин башчысы Мавлави Матиул Хак Халис бул айда өлкөдө сел кырсыктарынын саны көбөйгөнүн айтып, экологиялык көйгөйлөр гуманитардык кризисти ого бетер күчөтүп жатканын белгилейт.
Өлкө коңшу Пакистан жана Индия сыяктуу эле климаттын өзгөрүшүнө жана өзгөчө сезондук жаандан кийинки капыстан жүрүүчү селдерге эң алсыз өлкөлөрдүн бири болуп эсептелет.