Бишкек, 21.07.26 /Кабар/. Конгодо Эбола вирусунун жаңы очогунан улам каза болгондордун саны 930 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигине таянып, Анадолу билдирди.
Маалыматка ылайык, 15-майдан бери өлкөдө Эбола вирусун жуктурган 2 344 учур лабораториялык жактан тастыкталган. Учурда оорудан каза болгондордун үлүшү болжол менен 40 пайызды түзөт. Оорунун эң көп учуру өлкөнүн түндүк-чыгышындагы Итури провинциясында катталууда.
Адистердин айтымында, коопсуздук маселелери жана оорулуулар менен байланышта болгон адамдарды өз убагында аныктоодогу кыйынчылыктар илдеттин жайылышын токтотууга тоскоолдук жаратууда.
Белгиленгендей, Эбола вирусу 1976-жылы Судандын Нзара шаарында жана Конгодогу Ямбуку шаарында алгачкы жолу катталган. Оору Конгодогу Эбола дарыясынын аймагында чыккандыктан, вирус ошол дарыянын аталышы менен аталып калган.
2013-жылдын соңунда вирус Батыш Африка өлкөлөрүнө жайылып, 2014–2017-жылдардагы эпидемиянын жүрүшүндө Гвинея, Либерия жана Сьерра-Леонеде 30 миңге жакын адам илдетке чалдыгып, алардын 11 миңден ашыгы каза болгон.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму учурда Конгодо жайылып жаткан Bundibugyo түрүндөгү Эбола вирусуна каршы расмий бекитилген вакцина азырынча жок экенин белгиледи. Уюмдун маалыматына ылайык, ооруну эрте аныктоо, байланышта болгондорду көзөмөлдөө жана бейтаптарды өз убагында дарылоо илдетке каршы күрөштөгү негизги чаралар болуп саналат.