Укук бузуулар жөнүндө кодекске киргизилип жаткан өзгөртүүлөр III окууда колдоо тапты

Жогорку Кеңеш Загрузка... 10 Апрель 2025 14:14
866693.825f9ceed2a9f54a887d3ac7b0c5cb4f.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 10.04.25. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында «КР Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралды.

Парламенттен билдиришкендей, министрлер кабинети демилгелеген мыйзам долбоорун Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы Аманкан Кенжебаев тааныштырды.

Анын максаты Кыргызстандын аймагында эпизоотиялык амандыкты, тамак-аш коопсуздугун жана айыл чарба жаатындагы мыйзамдардын талаптарын сактоону камсыз кылуу болуп саналат.

Талкуу маалында депутат Гуля Кожокулова ветеринардык талаптарды бузгандыгы үчүн юридикалык жактар үчүн айып пулдун өлчөмүн 230дан 170 эсептик көрсөткүчкө чейин кыскартуунун себептерине кызыкты.

Депутат Дастан Бекешев сунушталып жаткан мыйзам долбоорунун 41-беренесине көңүл буруп, «иштин белгилүү бир түрүн токтотуу, объектти анын баштапкы абалына келтирүү, объектти же болбосо анын бөлүгүн бузуу (демонтаждоо)» талабы мыйзам долбоорунун концепциясына ылайык келбейт деген пикирин билдирип, аны кайра иштеп чыгууну сунуштады.

Буга суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басары Жаныбек Керималиев бул ченем ветеринардык объекттерге гана тиешелүү деп ишендирди.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору үчүнчү окууда кабыл алынды.