Улуттук филармониянын алдындагы фонтандар жаңыланат

Коом Загрузка... 06 Апрель 2026 13:15
Без названия (4).jpg

Бишкек, 06.04.26. /Кабар/. Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын алдындагы фонтандар реконструкцияланат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда демонтаждоо иштери жүргүзүлүүдө.

Андан соң конструктивдик элементтер жаңыланып, инженердик системалар алмаштырылат, ошондой эле фонтандын айланасы көрктөндүрүлөт.

Аталган фонтан комплекси акыркы жолу 2002-жылы капиталдык оңдоодон өткөн.