"Улуттук санарип валютанын" укуктук статусун аныктоо мыйзам долбоору III окууда кабыл алынды

Жогорку Кеңеш Загрузка... 20 Март 2025 13:34
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы

Бишкек, 20.03.25 /Кабар/. Бүгүн, 20-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында "Улуттук санарип валютасынын – санарип сомун КРдагы укуктук статусунун маселелери боюнча КРнын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору үчүнчү окууда кабыл алынды.

Парламенттен билдиришкендей, министрлер кабинетинин төрагасы демилгелеген бул мыйзам долбоору «Санарип сом» улуттук санарип валютасынын пилоттук долбоорун ишке киргизүү, ошондой эле анын укуктук негизин түзүү жана статусун белгилөө максатында иштелип чыккан.

Мындан тышкары, "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" КР Конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» конституциядык мыйзам долбоору дагы үчүнчү окууда колдоо тапты.

Аталган мыйзам долбоорунун демилгечиси – министрлер кабинетинин төрагасы.

Белгилей кетсек, аталган мыйзам долбоорунун максаты улуттук санарип валюта «санарип сом» пилоттук долбоорун ишке киргизүү, ошондой эле анын укуктук негизин жана статусун түзүү болуп эсептелет.