Уюшкан кылмыштуулук доорунун аякташы жана мыйзам үстөмдүгүнүн орношу

Аналитика Загрузка... 13 Январь 2026 10:10
WhatsApp Image 2026-01-13 at 10.29.35.jpeg

Кундуз Азарбекова

Бардык материалдар

Кыргызстанда уюшкан кылмыштуу топтор түп-тамырынан жоголуп, криминалдык чөйрө мамлекеттин калкалоосунан ажыраганын, эми маселелер “уурулук түшүнүгү” менен эмес, мыйзам чегинде чечиле турганын билдирип да күрөшүп да келе жатат. Кримтөбөлдөр жазаланып, алар тартып алган каражаттар жана мүлктөр казынага кайтарылды. Бизнес криминалдык басымдан бошотулду. Бул иш-чаралар кылмыштуулукка жана уюшкан кылмыштуу топторго каршы системалуу күрөштүн натыйжасы болду. Бул күрөш экономикалык эркиндик жана саясий туруктуулук үчүн гана эмес, келечек муун үчүн да маанилүү. Айрыкча жаштар арасында “криминалдык романтиканын” түккө турбаган нерсе экенин көрсөтүп, келечектеги уюшкан кылмыштуулуктун алдын алууга чоң салым кошту десек болот. Алдыда кылмыштуу чөйрөнүн кайра жаралуу механизмдерин жана алар пайдаланган кемчиликтерди жоюу иштери турат. Бул күчтүү мыйзамдарды, коррупциясыз жана таза сот системасын, ошондой эле жаштарга үлгү боло турган бирдиктүү идеологияны талап кылат.

Уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөш кандай жүргөнү, кылмыш дүйнөсү менен кармаштагы тобокелчиликтерге карабай, жеңиш камсыздалганы туурасында жакында эле коомчулукка сунушталган “Президент” даректүү тасмасында кенен айтылды. Тасмада өлкө башчысы Садыр Жапаров баштаган бийликтин беш жыл ичинде аткарган иштери чагылдырылган. Мамлекетте кылмыштуу топторду толугу менен жок кылуу өлкөнүн азыркы жетекчилигинин ийгиликтеринин сап башында турат.

“Жапайы рыноктон” саясатка чейинки дымак. Кыргызстандагы уюшкан кылмыштуу топтордун тарыхы

Кыргызстанда кылмыштуу топтор советтик көзөмөл алсыздап, каатчылык башталган 1990-жылдары уюшула баштаганы айтылып келет. СССР тараган соң кылмышкерлер түрмөдөгү түшүнүктөрдү көчөгө алып чыгып, акча табуунун ыкмасына айландырышкан. Алгачкы жылдары рэкетчилик, баңгизат жана контрабандалык товарларды ташуу сымал мыйзамсыз иштер менен шугулданышкан. Бул жагдай постсоветтик өлкөлөрдүн дээрлик бардыгында эле бар болчу. Ал арада коомчулукта кримчөйрө “каралар”, “авторитеттер” жөнүндөгү тасмалар, чыгармалар, карапайым калк арасындагы уламыштар аркылуу ашкере "жарнамаланып" кеткен.

Ошентип, 2000-жылдардан кийин кримчөйрө байлыкка алымсынбай, бийликти эңсеп, саясатка аралаша баштаган. Мисалы, 2005-жылдагы төңкөрүштөн кийин коомчулукта криминалдык топтордун лидерлери атыккан белгилүү адамдар парламенттик шайлоого катышканы, ошол убакта бийликке келген Бакиевдердин тушунда алар жок кылынганы маалым. Көп өтпөй Камчы Көлбаев “мыйзамдагы ууру” макамын алып, келечектеги криминалдык монополиясын түптөй баштаган.

2010-жылдан кийин бийликке келгендер да уюшкан кылмыштуу топтордун таасирин ачык айтып, күрөштү башташкан. Аларга каршы мыйзам кабыл алынган менен, иштеген эмес. Натыйжада кылмыштуу топтор айрым саясий күчтөр, бажы, салык сымал мамлекеттик акчалуу органдардагы коррупциялашкан чиновниктер менен кызматташууга өтүшкөн. Бул боюнча журналисттик иликтөөлөр жүргүзүлүп, бирок бийликтин реакциясы “факты жок” деген сөз менен чектелген. 2020-жылга чейин криминалдар чөйрөсү мамлекеттик институттар менен эриш-аркак иш кылып калган деп сыпатталат.

“1990-жылдан 2000-жылга чейинки убакыт криминалдык топтор арасындагы атышуулар, бири-бирин жайлаган кандуу окуялар өттү. Ал эми 2015-жылдан баштап кримчөйрөнү бир эле топ башкарып, калгандары бири-бирине атаандаш болбой калышты. Ошондон баштап мурдагы мафия ири синдикатка айланды. Бул эмне? Бул көчөдөгү кылмыштуулуктан баштап күч түзүмдөрүнө чейин өз кадрларын кызматка коюп, бизнестин кирешелүү түрлөрүнө кире башташты дегенди билдирет. Абдан күчтүү болушкан. Өлкөнү чырмап, клан аркылуу мамлекетти башкарып, коркунуч туудурганын жакында эле бийликтегилер ачыктады.

Уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөштө радикалдуу чечимдерге баруу чоң тобокелдик. Бирок аларды түбү менен жоготпосо өздөрүнө коркунуч алып келмек. Иш алардын анабашыларын жок кылып, башкаларын камап коюу менен бүтмөк эмес. Ошол себептен түрмөлөрдө да реформа жасалды. Булар кылмыш жасап камалышат да, 3-4 жылдан кийин чыгып кетишет. Аларды биздин коррупциялашкан сот системасы, тийиштүү тармактар эркиндикке чыгарып турушкан. Мисалы, бир эле кылмышкер 4-5 жылда беш-алты жолу кармалып, кайра чыгып турган мисалдар толтура. Булар 2-3 жыл отуруп, анан акча төлөп чыгып кетебиз деген тактикага өтүп алышкан. Алар эркиндикте да, абакта да саясатчылардан баштап жөнөкөй адамдарга чейин таасирдүү эле. Аларга болгон көз карандылык кырдаалы түзүлгөн.

Булар мурда жергиликтүү шайлоолордон баштап парламентке чейин, андан ары өлкө саясатына кийлигишип келген. Министрлерди каалагандай тескеп, чектен ашып кетишкени факт.

WhatsApp Image 2026-01-13 at 09.20.04 (1).jpeg

"Күрөш татаал жана туура болду. Аларды "кумир" тутуп, аларга карап түздөнгөндөргө сабак болду десек болот. Келечекте уюшкан кылмышкерлер чыга турган болсо, алар бат эле жок кылынат. Бир чети мамлекет ушинтип көзөмөлдөп турганы жакшы”, - дейт журналист Семетей Талас уулу.

2020-2025-жылдар: криминалдык системанын толук жок кылынып, мамлекеттик катаал көзөмөлдүн орношу

Бул учурга чейин уюшкан кылмыштуу топтор эч кимди тоготпой, өздөрүн “экинчи бийлик” атап алганы маалым. Мамлекеттик кызматтарга, депутаттыкка, ал тургай президенттикке ким келиши керектигин да чече турган деңгээлге жеткен. Укук коргоо, коопсуздук, прокуратура, сот органдары, салык, бажы кызматында, УКМКда кылмыштуу топторун коргоп, өз ара кызматташуу жүргөн. Мунун эң көрүнүктүү мисалы, кылмыш чөйрөсүнүн лидери Камчы Көлбаев менен Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райымбек Матраимовдун мамилеси. Булардын максаты байлык эле эмес, бийлик дагы экени 2020-жылы жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоодо тастыкталды. Акчанын жана күчтүн таасири менен Жогорку Кеңешке “Мекеним Кыргызстан” аттуу чуулгандуу партияны сүрөп чыгышкан.

“Мурда министр, депутат болом дегендер Камчы Көлбаевден уруксат сурап, батасын алып келишчү. Өздөрү “баланчаны министр кылып кой” деп премьерге, президентке чейин чыгып жүрүшкөн. Ысык-Көл облусунда жергиликтүү кеңештеги бүт депутаттар криминалдар болгон. Чолпон-Атанын депутаттары 100% криминалдар болчу. Мэр криминал болуп калган. 2023-жылы президенттик шайлоо болмок. Алдын ала сүйлөшүп, ким президент болорун чечип калышкан. Мына ушундай акыбалга жетип калганбыз. 2020-жылкы шайлоодо деле көрдүңөр да, “Мекеним Кыргызстан” менен “Биримдик” партиялары ат салышты. “Мекеним Кыргызстанда” бүт эле криминалдар болчу, тактап айтканда 90%”, - дейт өлкө башчысы Садыр Жапаров “Президент” даректүү тасмасындагы маегинде.

Уюшкан кылмыштуу топтор менен олуттуу күрөштү 2020-жылы бийликке келген Садыр Жапаров баштады. Бул аракет 2023-жылы Камчы Көлбаевдин жок кылынуусу менен уланды. Дал ушул учурдан тартып уюшкан кылмыштуу топтордун таасири жоголду десе болот. Башында УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев турган укук коргоо органдарынын иш-аракеттеринин натыйжасында Кыргызстан уюшкан кылмыштуу топтордон толук тазаланганы жарыяланды.

“Базарларда, ресторандарда чоң-чоң ишкерлер ай сайын, жыл сайын туулган күнүндө акча берип турушчу экен. Кээ бирлери 50-50 кылып ресторан, фабрика, заводдорду иштеткен. Азыр баарын мамлекетке алдык. Жолдор курулуп, мектептер салынып жатат. Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу үйлөр салынып, карапайым адамдарга берилүүдө. Ошонун баары ушул жактан түшкөн акчалар. Кылмыш дүйнөсүндө “уурулук”, “положенец”, “смотрящий” деп жүргөндөр көпкө узабайт. Бул турмуштун талабы. Кылмыштуу топтор менен күрөш башталган ошол убакта деле, азыркы учурда жана келечекте дагы алар тарабынан бизге коркунуч бар. Анткени “братский круг” деген дүйнө жүзүндөгү мафиялардын ондугу бар. Коркунучу келечекте деле болот. Биз аны ойлоп отура берсек мындай тартипти орното албайт элек. Мамлекетти мынчалык деңгээлге көтөрүп, жеткире албайт элек. Жеке өз башыбызды ойлоп отура берсек ийгиликке жетпейбиз жана мамлекетти да, элди да ийгиликке жеткире албайбыз”, - деди Садыр Жапаров “Президент” даректүү тасмасындагы маегинде.

Ошол эле учурда уюшкан кылмыштуу топтор менен кызматташкан же байланышы бар делген бир катар бизнес өкүлдөрү текшерилип, тийиштүү иш-чаралар жүргүзүлдү. Эми 2026-жылдын 1-январынан тарта мурда криминалдын басымында болушу мүмкүн делген бизнестерди негизсиз текшерүү токтотулушу керектиги жарыяланды. Алдыда негизги көңүл ишкерлерди колдоого багытталат.

Коомдук тартип экономикалык өнүгүүнүн негизи

Уюшкан кылмыштуу топтордун толук жок болуусу ишкерлердин жана бийлик түзүмдөрүнүн криминалдан бошонду дегенди билдирет. Айрым маалыматтар боюнча, бажы тармагында уюшкан кылмыштуу топторго тиешеси бар делген 180ден ашык кызматкер иштен алынып, бир катар депутаттар мандатынан ажырады. Уюшкан кылмыштуу топтордун жоюулушу биринчи кезекте экономикалык мумкүнчүлүктөрдү кеңейтет.

Ал эми “көмүскө салык” деп эсептелген рэкетчиликтин жоюулушу ишкерлерге мыйзамдуу иштөөгө мүмкүнчүлүк берет. Айрым бизнестердин кирешесинин дээрлик жарымы “уурулардын” жана коррупционер чиновниктердин чөнтөгүнө түшүп турса, эми бюджетке багытталып жатат.

Мындан сырткары, ири ишканаларга инвестиция тартууда криминал түрүндөгү кошумча көйгөйлөр жаралбайт. Чет элдик инвесторлор үчүн бизнести башкарууда кылмыш чөйрөсүнүн кийлигишпөөсү маанилүү. Натыйжада мурун криминалдык коркунучтардын кесепетинен жылбай турган ири долбоорлорду эми ишке ашырса болот.

Кылмыштуу топтор менен бир катарда коррупцияга каршы күрөш да жүрүп жатканын эске алуу керек. Алсак, коррупция жана уюшкан кылмыштуулук менен күрөштүн натыйжасында акыркы беш жылда мамлекетке 300 миллиард сомдон ашык суммадагы актив кайтарылган. Анын ичинен 1000ден ашык кыймылсыз мүлк дал ушул кылмыш топторунан алынган. Арасында кылмыш топтору менен байланышкан бизнесмендерден конфискацияланган мүлктөр да бар. Алар акчалай жана соода базарлары, бизнес борборлор, өндүрүш базалары, жер тилкелери, элиталык кыймылсыз мүлк түрүндөгү материалдык активдер.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев бир эле Матраимовдун өзүнөн 300 млн доллардын тегерегиндеги каражат өндүрүлгөнүн билдирген. Ал эми президент Садыр Жапаров бажы тармагы мурда жылына 35 млрд сом чогултса, азыр сумма 135 млрдга чыкканын айтууда. Көлбаев-Матраимов кызматташтыгын эске алганда арадагы 100 млрд сом каякка кетип жатканын баамдоо оор эмес. Ошондой эле бажы, салык кызматтарындагы коррупциялык жолдорго бөгөт коюлганы жарыяланды. Коррупциянын масштабы учурда 30%га түшкөнүн, эми 10%га чейин ылдыйлатуу зарылдыгы белгиленүүдө.

Кылмыш топторун жок кылуу - келечек муун үчүн салым

Бириккен кримчөйрөнүн жок кылынышы ириде саясий туруктуулукту камсыздады. Кримтөбөлдөрдүн жазалануусу, башкаларынын баш көтөрбөгүдөй жоопкерчиликке тартылышы алардын шайлоо, башкаруу сымал саясий процесстерге таасир этүү мүмкүнчүлүктөрүн жок кылды.

Ал эми коомдук коопсуздук, коомдук тартиптин сакталуусу боюнча өзүнчө сөз. Анткени жарандар коомдук жана экономикалык ишмердик менен коркпой, үркпөй алектене алышат. Саясатчы болобу, жөнөкөй жаран болобу криминалдык териштирүүлөргө катышпайт. Эң негизгиси, келечектеги кримтоптордун, кылмышкерлердин пайда болуусуна бөгөт коюлууда. Маселе “түшүнүк” менен эмес, мыйзам менен чечиле турганын көрдүк. Эми жок кылынган криминалдык системалардын ордуна жаңы коррупциялык схемалардын пайда болуусуна жол бербөө зарыл.

WhatsApp Image 2026-01-13 at 09.20.04.jpeg

Буга чейин коргоо жана коопсуздук түзүмдөрүн жетектеп келген Токон Мамытов кримтоптор менен күрөш мурда деле болуп турганын, бирок натыйжа бербегенин айтат. Ал мамлекетти криминал менен байланыштырган чынжырлар үзүлүп, ар кыл жазалар колдонулганы менен, алардын кайра жаралуусуна жол берилип кеткенин белгилейт. Ошол убактагы кемчиликтер учурда эске алынып, 2021-жылдан берки күрөш системалуу түрдө жүрдү деген пикирде.

“УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиевдин билдирүүсүн уюшкан кылмышка каршы күрөштүн биринчи этабы аяктады деп түшүнсөк болот. Кеп стратегиялык маанидеги бир этаптын жабылышы туурасында болуп жатат. Бул баскычта мамлекет криминал менен байланышкан коррупциялык чынжырларды аныктап, “чиновник-бизнес-кылмыш чөйрөсү” ортосундагы симбиозду бузууга жетишти. Башкача айтканда, мамлекет “биз ким менен ким байланышканын билебиз, эми эрежелер өзгөрдү” деген мааниде айтып жатат.

Дагы бир жагдай, жогоруда айтылгандарды түшүнүү үчүн бул нерсеге көңүл буруу керек. Дүйнөлүк практикада уюшкан кылмыштуу топторду ооздуктап, жоготуу иш-аракеттерин уюштурганда, адегенде байланыштарга сокку урулат. УКМК ушул жөнүндө айтып жатат. Биринчи этабы бүтүп, байланыштарга сокку уруп, ким менен ким кандай байланышта болгонун, ошол байланыштар кандай экенин, мамлекетке кандай зыян келтиргенин айтты. Экинчи этабында анын структураларына сокку урулат. Ал дагы бүттү: бир топ криминалдык лидерлер радио, ТВ, интернет аркылуу кайрылып, мындан ары мыйзам бузуу жолуна түшпөй тургандыктарын айтып, кримчөйрөдөн баш тартышканын билдиришти.

Үчүнчү этап жөнүндө айта турган болсок, аны кылмыштуулуктун кайра жаралуу механизмдерин жоюп, ошолордун кайра жаралуусуна шарт түзгөн факторлорго каршы ишти алып барабыз дегендей түшүнүш керек.

Эгер саясий, укуктук жактан алганда эң негизги жетишкендик, албетте, кылмыш дүйнөсү мамлекеттик калкалоодон ажыратылды. Мындан ары аларды мамлекеттик коргоо болбойт деп айтууда. Коом алдында прецендент түзүлдү. Канчалык төбөң көккө жетип турса да жоопкерчиликке тартыласың деген эреже менен мыйзамга баш ийүү күчөтүлдү.

Кийинки этапта акча агымдарын, финансылык ресурстарды кылмыш топтору пайдаланып кетчү негиздер жоюлат. Көмүскө каржы, көмүскө насыялоо, контрабанда, курулуш, базарлар, кумар оюндары, жер ресурстары негизги бутага айланат. Мына ушул тармактардагы коррупцияны, жетишпегендиктерди криминал пайдаланып кетпегидей түп-тамырынан жоюуга өтөт.

Алдыда уюшкан кылмыштуу топтордун кайра жанданышына, жаштар арасында криминалдын алдын алууга өзгөчө көңүл буруу талап кылынат.

Билдирүү элитага, бизнеске жана коомго так сигнал. “Болду! Компромисстер доору аяктады!” деген белги. Мамлекет бүт ресурстарга ээ экенин көрсөттү. Эми коомчулук кылмыштуу топтор менен күрөш терең фазасына өттү, ачыкка чыгаруудан структуралык өзгөрүүгө бет алды деп түшүнсөк болот. Ар бир инсан, жаран четте турбай жардам берүүсү керек. Жардам бере албаса тоскоолдук кылбай, четке чыгып турсун”, - дейт коопсуздук боюнча серепчи Токон Мамытов.

Жыйынтыктап айтканда, 2026-жылга карай Кыргызстан көп убакыттан бери алы жетпей келген уюшкан кылмыштуу топ менен бийлик алакасын жое алды. Криминал саясатка жана бизнеске аралашкыс болду. Алдыда бул ийгилик экономикалык жана саясий жактан жемишин берет деп туралы. Эң негизгиси криминалсыз келечекти курууга жол ачылды. Коомчулуктагы кримчөйрө менен кримтөбөлдөрдү баатырга теңеген ойлорго бүлүк салынды. Мындан ары “мыйзамдагы ууру”, “смотрящий”, “криматалык”, “авторитет” деген түшүнүктөр коомдо колдонулбашы керек. Бул күрөш кийинки муун үчүн чоң сабак катары кылмыштуу топторду жеңүү мүмкүн экенин көрсөттү. Күчтүү мамлекет күчтүү коомду кура ала турганын айгинеледи.