Велоспорт боюнча эмгек сиңирген машыктыруучу Георгий Петрашов каза болду

Коом Загрузка... 04 Февраль 2026 17:40
img_7129.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 04.02.26. /Кабар/. Кыргызстандын жана дүйнөнүн спорт коомчулугу орду толгус жоготууга учурады. 88 жаш курагында ата мекендик велоспорттун легендасы Георгий Георгиевич Петрашов дүйнө салды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Георгий Петрашов - СССРдин ардактуу спорт чебери, эмгек сиңирген машыктыруучу, өмүрүн ата мекендик спортту өнүктүрүүгө арнаган көрүнүктүү спортчу болгон.

Ал 13 жыл бою Кыргыз ССРинин велоспорт боюнча курама командасын жетектеп, келечектеги жеңиштердин бекем пайдубалын түптөгөн. Активдүү ишмердүүлүгүн жыйынтыктагандан кийин да ардагерлер арасында өткөн дүйнө чемпионаттарында Кыргызстандын атын таанытып, чыныгы чемпион үчүн жаш курак тоскоол эмес экенин далилдеген.

Анын өмүр жолу жана спортко болгон берилгендиги уулу менен небересинин ишмердүүлүгүндө улантылып, алар да өлкөнү эл аралык аренада татыктуу даңазалап, спорттук династияны улантып келүүдө.

Георгий Петрашов менен коштошуу зыйнаты 5-февралда саат 9:30да Суеркулов көчөсү, 3 (КГМАнын морфокорпусу) дарегинде өтөт.