Бишкек, 08.07.2026. /Кабар/. Венесуэлада болгон кыйраткыч жер титирөөнүн кесепетинен каза болгондордун саны 3 685 адамга жеткенин ТАСС агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, бул тууралуу Венесуэланын Улуттук ассамблеясынын төрагасы Хорхе Родригес билдирген.
Өкмөттүн күнүмдүк маалыматына ылайык, 16 740 адам жаракат алып, 17 907 тургун турак жайсыз калган. Жалпысынан 190 имарат толугу менен кыйрап, дагы 856 имарат олуттуу зыянга учураган.
Издөө-куткаруу иштеринин жүрүшүндө 6 462 адам куткарылып, 25 970 жабырлануучу ооруканаларда жана башка медициналык мекемелерде жардам алган.
Мындан тышкары, 86 794 үй-бүлөгө жардам көрсөтүлүп, азык-түлүктү кошкондо 9 603 тонна гуманитардык жүк жеткирилген.