Бишкек, 25.06.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Венгриянын Кыргызстандагы элчиси Шандор Дорогини өлкөдөгү дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алды.
Министрлер кабинетинин төрагасы Шандор Дорогиге элчи катары жемиштүү иши үчүн ыраазычылык билдирип, эки тараптуу кызматташтыкты бир кыйла жандандырууга кошкон жеке салымын белгилеп, Кыргызстандын министрлер кабинетинин Ардак грамотасы менен сыйлады.
Минкаб башчысы Адылбек Касымалиев өзгөчө белгилегендей, акыркы жылдары өлкөлөрдүн ортосунда бекем институционалдык база түзүлүп, жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги бир катар маанилүү өз ара сапарлар болуп өттү, алар стратегиялык өнөктөштүктү тереңдетүү үчүн узак мөөнөттүү пайдубал түздү. Соода-экономикалык өз ара аракеттенүү боюнча талкуунун жүрүшүндө тараптар товар жүгүртүүнүн өсүшүнүн оң динамикасын канааттануу менен белгилешти.
Тараптар маданий-гуманитардык багытка өзгөчө көңүл бурушту. Адылбек Касымалиев "Стипендиум Хунгарикум" (Stipendium Hungaricum) билим берүү программасынын ийгиликтүү ишке ашырылгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди, анын алкагында венгер тарабы жыл сайын Кыргызстандан келген студенттер үчүн 200 окуу квота бөлүп берет.
Мындан тышкары, минкаб төрагасы венгер тарабын ушул жылдын сентябрь айында Кыргызстанда өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышууга чакырды.
Өз кезегинде, Шандор Дороги өлкө жетекчилигине, ошондой эле министрлер кабинетинин башчысына Бишкектеги дипломатиялык ишмердүүлүгү учурунда көрсөткөн ар тараптуу жардамы жана колдоосу үчүн чын дилинен ыраазычылык билдирди.
Жолугушуунун соңунда министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев дипломатка кесиптик ишинде мындан аркы ийгиликтерди каалап, Кыргызстандын эшиги ага ар дайым ачык экенин баса белгиледи.