VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: Федерациялардын даярдыгы талкууланды

Көчмөндөр оюндары-2026 Загрузка... 05 Июнь 2026 13:30
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги

Бишкек, 05.06.26. /Кабар/. Бүгүн Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин жыйындар залында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү маселелерине арналган жыйын өттү.

Агенттиктен билдиришкендей, ага спорттук федерациялардын президенттери жана өкүлдөрү катышты.

Жыйынга агенттиктин директору Урмат Асанбаев төрагалык кылып, алдыдагы ири спорттук иш-чарага байланышкан бир катар маанилүү маселелер талкууланды.

Жолугушуунун жүрүшүндө VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата жүргүзүлүп жаткан даярдык иштери тууралуу кеңири маалымат берилип, буга чейин аткарылган иштер жана улуттук спорт түрлөрүн мындан ары өнүктүрүүгө багытталган пландар тааныштырылды.

Мындан тышкары, федерациялардын өкүлдөрү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышууга карата жүргүзүлүп жаткан даярдык иштери боюнча маалымат берип, өз сунуш-пикирлери менен бөлүшүштү.

Эскерте кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин өтөт.

Маалымат үчүн: Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттиги — 1937-жылы негизделген Кыргызстандагы эң биринчи маалымат булагы болуп саналат. Агенттик Кыргызстандагы, Борбор Азиядагы жана дүйнөдөгү маанилүү окуяларды кыргыз, орус, англис, араб, түрк жана кытай тилдеринде ыкчам чагылдырат. Бүгүнкү күндө "Кабар" дүйнөнүн алдыңкы эл аралык маалымат агенттиктери менен тыгыз кызматташып келет жана расмий маалыматтын негизги булагы катары таанылган.

"Кабар" маалымат агенттиги 2026-жылы өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын эл аралык маалыматтык өнөктөшү болуп дайындалды. Агенттик дүйнө элдеринин көчмөн мурастарын сактоого жана жайылтууга багытталган бул ири этномаданий жана спорттук иш-чараны бир нече тилде маалыматтык жактан камсыздап турат.