Бишкек, 25.02.26. /Кабар/. Ысык-Көл районунун прокуратурасынын жаңы административдик имараты пайдаланууга берилди.
Башкы прокуратурадан билдиришкендей, административдик имарат заманбап стандарттарга ылайык жабдылып, прокуратура кызматкерлеринин ишин натыйжалуу уюштурууга багытталган.
Ачылыш аземге катышкан башкы прокурор Максат Асаналиев прокуратура органдарынын ишмердүүлүгүн бекемдөө мамлекет тарабынан колдоого алынып жатканын белгиледи. Ал жаңы имарат мыйзамдуулукту камсыз кылууга жана жарандардын кызыкчылыктарын коргоого оң таасирин тийгизерин айтып, кызматкерлерди милдеттерин ак ниет аткарууга чакырды.
Белгилей кетсек, прокуратура органдарынын имараттарын куруу жана капиталдык оңдоодон өткөрүү иштери өлкө боюнча этап-этабы менен улантылып, бул багытта кызматкерлердин иш шарттарын жакшыртууга жана прокуратура органдарынын ишинин ачыктыгын жогорулатууга өзгөчө көңүл бурулууда.