Бишкек, 07.06.26. /Кабар/. Ысык-Көл районунун Булан-Сөгөттү айылында жүргөн селдин кесепеттерин жоюу иши уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн жалпы 200дөн ашык адам, 50гө чукул техника тартылган.
Жеринде суучулдар дайынсыз жоголгон жаранды көлдөн да издөө-куткаруу жумушун жүргүзүүдө.
Ошондой эле ӨКМдин жана Жарандык коргонуу кызматтарынын техникаларынын жардамында сел калдыктары ташылып чыгарылууда.