Бишкек, 22.06.26. /Кабар/. Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти тарабынан Ысык-Көл облусунда топурактын сапатын аныктоочу агрохимиялык лаборатория ачылды.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, бул лаборатория дыйкан-фермерлерге топурактын абалын илимий негизде аныктоо мүмкүнчүлүгүн камсыздайт.
Лабораторияда топурактын курамындагы негизги азык элементтери, органикалык заттар, кычкылдуулук деңгээли жана өсүмдүктөрдүн өсүшүнө таасир этүүчү башка көрсөткүчтөр аныкталат.
"Анализдердин жыйынтыгынын негизинде фермерлер жер семирткичтерди илимий негизде колдонууга, чыгымдарды азайтууга, түшүмдүүлүктү жогорулатууга жана жер ресурстарын натыйжалуу пайдаланууга мүмкүнчүлүк алышат", - деп айтылат маалыматта.
Белгиленгендей, лабораториянын ишке кириши өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга, айыл чарба өндүрүшүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга жана фермерлерге көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын сапатын жакшыртууга багытталган маанилүү кадам болуп эсептелет.