Ысык-Көлдүн экосистемасын коргоо. Балык уулоочу торлордон арылуу зарыл

Экология Загрузка... 23 Март 2026 17:55

Бишкек, 23.03.26. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин суучулдары тарабынан Түп районунун Чоң-Өрүктү айылынын тушунан Ысык-Көлдөн 10 эски тор чыгарылды. Алардын жалпы узундугу болжол менен 1000 метрди түзөт.

Бүгүнкү күндө Ысык-Көлдү тазалоого багытталган комплекстүү иш-чаралар улантылууда. Браконьерликке каршы бирге күрөшүү, көлдү синтетикалык торлордон тазалоо боюнча иштер тынымсыз жүрүүдө. Ошондой эле таштандылардан арылтуу максатында жыл сайын активдүү түрдө ишембиликтер өткөрүлүп келет.

Ысык-Көлдүн уникалдуу экосистемасын коргоого ар бир кыргызстандык салым кошуп, браконьерликке жана мыйзамсыз балык уулоого каршы турушу зарыл. Жаратылышты коргоо жана ага аяр мамиле кылуу ар бир жарандын милдети.