Бишкек, 6.07.26. /Кабар/. Жалал-Абадда курулуп жаткан жолдордун сапаты текшерилүүдө. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, көчмө текшерүүнүн алкагында Түштүк региондук башкармалыктын сыноо лабораториясынын адистери Жалал-Абад облусунун Ынтымак айылындагы муниципалдык базардын курулуш объектисинде асфальт-бетон жабындысынан керн үлгүлөрүн алды.
Алынган үлгүлөр комплекстүү изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн сыноо лабораториясына жөнөтүлдү. Сыноонун жүрүшүндө асфальт-бетондун физикалык-механикалык көрсөткүчтөрү аныкталып, анын курулуш ченемдеринин, мамлекеттик стандарттардын жана техникалык регламенттердин талаптарына шайкештиги бааланат.