Сапатсыз иш: Жалал-Абадда жол курган подрядчыга эскертүү берилди

Аймак Загрузка... 05 Июнь 2026 12:25
copyright icon Транспорт министрлиги

Бишкек, 05.06.26. /Кабар/. Күн мурун транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев Жалал-Абад облусуна иш сапары менен барып, жол курулуш иштеринин жүрүшүн жеринде текшерди.

Ведомствонун маалыматына караганда, учурда Барпы – Сафаровка жолунун 25 чакырымынын ичинен 5 чакырымы асфальттоого толук даярдалып, калган тилкелеринде курулуш кызуу жүрүүдө. Транспорт министри иштин сапатына өзгөчө көңүл буруп, кетирилген кемчиликтер үчүн подрядчыга катуу эскертүү берди.

Ал эми Манас – Багыш багытындагы жолдо казуу иштери 90 пайызга аяктап, жакынкы күндөрү шагыл төшөө баскычы башталат. Иш сапардын алкагында министр №22 жол тейлөө мекемесинин да абалы менен таанышып, инфраструктураны жакшыртуу маселелерин талкуулады.

Мындан сырткары, узундугу 9 чакырымды түзгөн Манас – Благовещенка жолунда жер иштери жана шагыл төшөө жумуштары жүрүүдө. Бул стратегиялык долбоор толугу менен ишке ашса, шаар ичиндеги унаа тыгындарын олуттуу түрдө азайтууга шарт түзөт.