Бишкек, 30.11.25. /Кабар/. Боршайком шайлоого байланышкан жалпы 189 кайрылууну карап, 700 миң сомдон ашык суммада айып пул салынды. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Абдыжапар Бекматов брифингде билдирди.
Анын айтымында, БШКда 124 учур жумушчу топтун эксперттери тарабынан жүргүзүлгөн мониторингдин натыйжасында, 65 учур шайлоо процессинин катышуучуларынын кайрылууларынын негизинде отурумдар болду. Ага ылайык, тиешелүү чаралар көрүлдү.
“39 талапкерге чара көрүлдү. Мында 4 эскертүү берилди, 7500 сом өлчөмүндө айып пулдар салынды. Шайлоо процессинин башка субъекттери болгон талапкерлердин өкүлдөрү, үгүтчүлөрү тарабынан 27 мыйзам бузуу фактылары аныкталып, аларга дагы чаралар көрүлдү. Анда шайлоо жол-жоболорун жана мөөнөттөрүн бузуулар боюнча, ошондой эле талапкерлердин беделине шек келтирген билдирүүлөр жана кайрылуулар жарыялангандыгы үчүн мыйзамда каралган санкциялар кабыл алынды. Мындан тышкары, 7 юридикалык тараптарга дагы айып пул салынды. Булардын арасында ЖМКлар, жарнамалык агенттиктер бар. Жалпысынан кечээги күнгө чейин 700 миң сомдон ашык айып пул салынды”, - деди ал.
Ошондой эле Абдыжапар Бекматов жумушчу топ бүгүн да ишин улантууда.
“Жымжырттык күндүн эрежелерине, добуштарды сатып алууга байланышкан башка кайрылуулар жана арыздар бүгүнкү күнгө чейин келип түшүп жатат”, - деп белгиледи ал.