Бишкек, 17.06.26. /Кабар/. Кыргызстанда жаратылышты коргоо жана биологиялык ар түрдүүлүктү коомдун ар кайсы тармактарына жайылтуу максатын көздөгөн Symbiotic долбоору башталды.
NABU Кыргызстан уюмунан билдиришкендей, долбоордун алкагында маалыматтык жана агартуу иштерин жүргүзүү, калктын жана адистердин потенциалын жогорулатуу, мамлекеттик саясатты өркүндөтүүгө колдоо көрсөтүү, ошондой эле туруктуу жайыт башкаруу багытындагы иш-чараларды ишке ашыруу каралган.
"Кызыкдар тараптар тендер боюнча тактоочу суроолорун 22-июнга чейин жөнөтө алышат. Ал эми тендердик сунуштарды кабыл алуу мөөнөтү 12-июлуна чейин уланат", - деп айтылат маалыматта.
Белгиленгендей, тендердик сунуштар DTVP электрондук платформасы аркылуу кабыл алынат. Сунуш берүү үчүн аталган платформага алдын ала каттоодон өтүү талап кылынат.