Бишкек, 11.07.26. /Кабар/. Кыргызстан "жашыл" экономикага жана климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүгө олуттуу көңүл бурууда. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, июнь айынын аягында Жаратылыш ресурстары министрлиги, Климаттык каржылоо борбору жана Германиянын эл аралык кызматташтык коому (GIZ) өлкөнүн улуттук артыкчылыктарына багытталган маанилүү иш-чара өткөрүшүп, эки жылдык ийгиликтүү долбоорду жыйынтыкташты.

Жашыл климаттык фонддун колдоосу менен ишке ашкан бул долбоор өлкөнүн каржылык ресурстарды тартуу потенциалын жогорулатууга багытталган. Эки жыл ичинде климаттык каржылоону башкаруу багытында 230дан ашуун адис атайын окуудан өттү. Маалыматтын ачыктыгын жогорулатуу максатында Жаратылыш ресурстары министрлиги жана Климаттык каржылоо борбору үчүн 2 санариптик платформа (веб-сайт) ишке киргизилди.

Адистердин жана коомчулуктун маалымдуулугун жогорулатуу үчүн веб-сайттарга 40 окуу видео-модулу жайгаштырылды.
Бул эл аралык жашыл фонддордон масштабдуу инвестицияларды тартуу үчүн Кыргызстанда сапаттуу, стандарттарга жооп берген климаттык долбоорлорду даярдоо механизмин чыңдоо жана каржылоо процесстерин натыйжалуу координациялоодо маанилүү болуп саналат.