Бишкек, 20.05.26. /Кабар/. Жаңы "Ош" базары менен "Батыш" автобекетине алып баруучу транспорттук түйүн жана жаңы жолдун курулушу кызуу жүрүүдө.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, жаңы объекттер Бишкектеги тыгынды азайтуу жана жол инфраструктурасын жакшыртуу максатында курулууда.
Учурда Бишкек – "Манас" эл аралык аэропорту унаа жолунун 11+800-чакырымында заманбап транспорттук түйүн жана жалпы узундугу 8,74 чакырымды түзгөн кире бериш жолдор салынууда. Курулуш иштеринин белгиленген мөөнөтүндө бүтүшү үчүн 93 даана атайын техника жана 101 жумушчу тынымсыз иштеп жатат.
Белгиленгендей, "Ош" базары жана "Батыш" автобекети шаардын сыртына көчүрүлүп жаткандыктан, бул жол келечекте башкы транспорттук артерия болуп калат. Ал Бишкекке келип-кеткен жүргүнчүлөр жана соодагерлер үчүн жолду кыйла кыскартып, калаа ичиндеги унаа тыгындарын сезилерлик түрдө азайтууга шарт түзөт.
Курулуш иштери министрликтин түз көзөмөлүндө турат.