Жогорку Кеңеш эс алуудан чыгып, сессия жаңыланган залда башталды

Жогорку Кеңеш Загрузка... 01 Сентябрь 2025 10:45
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар Салтанат Абдраева

Бишкек,01.09.25./Кабар/. Бүгүн, 7-чакырылыштагы Жогорку Кеңештин 5-сессиясынын ачылышы Жогорку Кеңештин имаратынын жаңыдан оңдолгон залында өттү.

Парламенттин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу сессияны ачып жатып, депутаттар көп жылдардан бери биринчи жолу Жогорку Кеңештин жаңыдан оңдоп-түзөөдөн өткөн имаратында отурганын белгиледи.

"Бүгүн биз жаркыраган кооз залда отурабыз. Атайын топ иштеп, бул залдын дизайнын иштеп чыктык. Залыбызды оңдоп-түзөөгө көңүл буруп, чоң колдоо көрсөткөн президентибиз Садыр Жапаровго терең ыраазычылык билдиребиз. Президенттин аппаратынын Мүлктү башкаруу бөлүмү бизге өз убагында ушундай сонун оңдоп-түзөө иштерин жүргүздү. Жалпы мамлекет башчыбыздын атынан терең ыраазычылык билдиребиз", - деди ал.

Төрага бул залда өлкөнүн, ар бир кыргызстандыктын тагдырына оң таасирин тийгизе турган объективдүү, туура жана адилет чечимдер, мыйзамдар кабыл алынарына ишеним билдирди.

Ошондой эле депутаттарды мындан ары да мекенге, элге кызмат кылууга чакырды.

Жогорку Кеңештин депутаттарынын кезектеги жыйыны 3-сентябрда өтүп, комитеттер график боюнча ишин баштайт.

Эске сала кетсек, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 83-беренесине жана Жогорку Кеңештин регламентинин 32-беренесине ылайык, парламенттин сессиялары жыйналыш түрүндө өтүп, сентябрдын биринчи жумушчу күнүнөн башталат жана кийинки жылдын июнь айынын акыркы жумушчу күнүнө чейин уланат.