Жогорку Кеңеш Канат Сагынбаевди эмгек министри кызматына дайындоого макулдук берди

Жогорку Кеңеш Загрузка... 03 Сентябрь 2025 12:30
1.jpg
copyright icon Жогорку Кеңеш

Бишкек, 03.09.25. /Кабар/. Жогорку Кеңеш бүгүн, 3-сентябрдагы жыйында Канат Сагынбаевди эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматына дайындоого макулдук берүү маселесин карады. Бул тууралуу парламенттен билдиришти.

Талапкер тууралуу маалыматты президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов тааныштырды.

Добуш берүүнүн жыйынтыгында эл өкүлдөрү Канат Сагынбаевдин талапкерлигин жактырып, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызмат ордуна дайындоого макулдук берди.

Бул боюнча Жогорку Кеңештин тиешелүү токтому кабыл алынды.