Жогорку Кеңеште турак жайлардын кымбатташынын себеби айтылды

Жогорку Кеңеш Загрузка... 28 Январь 2026 13:31
2022-12-28_10-52-55_778702.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 28.01.26. /Кабар/. Курулуш тармагын тейлеген министрлик каалагандай тариф койгондун негизинде турак жайлардын баасы өсүүдө, - деди Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу бүгүнкү жыйында.

Ал курулуш тармагындагы көйгөйлөргө токтолуп, аталган багытта иш алып барган компаниялардын нааразычылыктары тууралуу сөз кылды.

"Бизге бир топ курулуш компанияларынын өкүлдөрү кайрылды. Аталган тармакты тейлеген Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги өздөрү каалаган тарифтерди коюп алышкан. Ошонун негизинде үйлөрдүн чарчы метрлери кымбаттап, элдин турак жай сатып алуусуна чоң түйшүктөрдү жаратып жатат. Андыктан, ушундай нааразычылыктарды жараткан жагдайларды Жогорку Кеңештин тиешелүү тармактык комитети кийинки жумада карап чыккыла. Андан кийин жалпы жыйында да карайлы. Бул боюнча нааразычылыктар өтө көп, тез арада иретке келтиришибиз керек", – деди Нурланбек Тургунбек уулу.

Муну менен катар төрага парламент ушундай элдин көйгөйлөрүн талкуулаган бийик трибуна экенин баса белгилеп: "Биз ошол укугубузду туура пайдаланышыбыз керек", – деп кошумчалады.