Бишкек, 03.04.25. /Кабар/. Кыргызстандагы жеке нотариустардын көрсөткөн кызматтарынын бааларына көзөмөл жүргүзүү керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Эрнис Айдаралиев парламенттин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, жеке нотариустар өзүм билемдик менен кызматтарга ар кандай бааларды коюп келишкен.
“Жеке нотариустардын бири ишеним катты 1000 сомго жазса, башкасы 2500-3000 миң сомго берет эле. Баарынын салыктык алымдары бирдей болгону менен ар түрдүү бааларды коюп алышкан. Аша чаап, өзүм билемдик менен бааларды жогорулаткандар жоопкерчиликке тартылышы керек”, - деди эл өкүлү.
Юстиция министринин орун басары Алмазбек Зарылбек уулу баа саясатын жүргүзгөнгө Юстиция министрлигинин укугу бар экендигин, бааларды каалагандай коюп алган нотариустар жоопкерчиликке тартыларын белгиледи.