Бишкек, 02.05.26 /Кабар/. Күн мурун Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Ош облусуна иш сапары менен барды.
Парламенттен билдиришкендей, Марлен Маматалиев иш сапарынын алкагында аймактагы мектептердин курулуш иштери менен жеринен таанышты.
Төрага алгач Өзгөн районунун Баш-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Кырман айылында жайгашкан №43 И.Базаркулов атындагы 275 орундуу мектептин курулушунан кабар алды. Андан соң, Жазы айыл аймагына караштуу Кызыл-Дыйкан айылындагы №1 Ж.Абдурасулов атындагы орто мектебинин абалын көрдү. Аталган билим уясы 1976-жылы курулуп, андан бери мектептин ичи капиталдык оңдоодон өткөн эмес.
Муну менен катар 120 орунга эсептелген бала бакчанын долбоору менен таанышкан Марлен Маматалиев айтылган көйгөйлөр көзөмөлгө алынарын билдирди. Ошондой эле айыл тургундары жана мектеп жамааты менен баарлашкан төрага аталган мектептерден өлкөнүн желегин дүйнөгө желбиреткен келечеги кең муун тарбияланып чыгышына тилектештигин билдирип, белектердин сертификаттарын тапшырды.