Бишкек, 21.01.26. /Кабар/. Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Махабат Мавлянова өлкөдө түтүн чыгарбаган мештерди колдонууну сунуштады.
Анын айтымында, Кыргызстандагы турак жайлардын 70 пайызга жакыны көмүр менен жылытылат, натыйжада атмосферага уулуу заттар бөлүнүп чыгууда.
"Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү стратегиясында 2040-жылга чейин Кыргызстан дүйнөдөгү экологиялык таза өлкөлөрдүн бирине айланышы керектиги көрсөтүлгөн. Бул максатка жетүү үчүн түтүнсүз мештерди өндүрүүнү өнөр жайлык деңгээлге коюп, аларды чоң көлөмдө чыгарып, калкка жайылтуу зарыл. Кыргызстанда мындай мештер буга чейин эле чыгарылып келет, бирок чектелүү санда. Монголия менен Кытайдын тажрыйбасы көрсөткөндөй, мындай мештерди колдонуу ыштын деңгээлин бир топ төмөндөтүүгө мүмкүндүк берет", — деп белгиледи депутат.