Жеке менчик автомектептер тармагында кеңири реформа жүрүп жатат. Бийлик айдоочуларды окутуунун учурдагы модели коопсуздук жагынан алсыз экенин билдирип, өз көзөмөлүн күчөтө баштады. Айдоочуларды даярдоо, окутуу мөөнөтү, сынак тапшыруу жана айдоочу күбөлүгүн алуу эрежелери түп-тамырынан өзгөрүүдө. Негизги себеп, жол-транспорт кырсыктары, анын кесепетинен өлүмгө учурагандардын саны жылдап көбөйүп жатканы болду. 2025-жылы 8 миңден ашуун унаа кырсыгы катталып, 900 адам каза болгон. Бул мурунку жылга салыштырмалуу 18-21%га көп дегенди билдирет.

Жалпы Кыргызстан боюнча 340 автомектеп болсо, алардын 266сы жеке менчиктегилер. Көбү 2000-жылдары рынокко көзөмөл жок кезде пайда болгондор. Лицензиялоо көбүнчө формалдуу болуп, бир-эки бөлмөдөн турган автомектептер ар кайсы жерге ачылып кеткен.
Андан кийинки 20 жыл ичинде айдоочулук күбөлүктү сатуу бизнеске айланып, мамлекеттик мекемелер менен байланышкан коррупциялык схемалар туруктуу иштеген. Айдоочунун билими, жоопкерчилиги экинчи планда калып, баары акча менен чечилген. Бул жагдай жол транспорт кырсыктарынын кескин өсүп кетишинин башкы себептеринин бири катары аталууда.
Абалдан чыгуунун аракетинде 2019-жылы компьютерлик сынак тапшыруу киргизилген. Санарип экзамен автомектептерде окутуу алсыз экенин көрсөткөн. Мисалы, 2023-жылы теориялык сынактан катышуучулардын 13%ы гана өткөн. Бул айдоочулукка талапкерлерди даярдоонун өтө төмөн деңгээлде экенин жана паракорлук менен күрөш натыйжа бербей жатканын далилдеген. Биринчи жолку экзаменден өтүү 10-20%га түшүп, радикалдуу реформаларга муктаждык күчөгөн.
Тармактагы башаламандыкты жана анын коомго кесепетин эске алуу менен президент Садыр Жапаров системаны иреттөө тапшырмасын берген. 2025-жылы автомектептерге жаңы лицензия берүүгө 2 жылдык мораторий жарыяланган. Жеке менчик автомектептердин ишмердүүлүгү убактылуу токтотулду. Алдыда мамлекеттик окутуу мекемелери ачылат. Экзамен алуу жана документ берүү милдети президенттин Иш башкармалыгынын алдындагы Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиги (мурунку “Унаа”) жүргүзөт. Ал эми окуу мөөнөтү 10 айга созулмай болду. Бул убакыт аралыгында курсанттарга жол эрежеси эле эмес, психологиялык, этикалык сабактар да өтүлө турганы айтылууда. Баасы имиш иретинде айтылып жаткандай 200 миң сом эмес, 19 миң сом чегинде белгиленди. Мындан сырткары, жаңы окуу жылынан тарта 11-класстын окуучуларына жол эрежелери боюнча сабактар кирет. Ал эми сынактын теориялык бөлүгүн жасалма интеллект алмай болду.
Жан кейиткен статистика
Улуттук статистика комитетинен алынган маалыматтар боюнча 2014- 2018-жылдар аралыгында жол кырсыктарынын саны 6000-7000дин тегерегинде болгон. Ал эми өлүмгө учурагандардын саны 700-800дөн ашкан, алардын 100ү балдар. 2020-жылдан берки абал да көңүл жубатарлык эмес.

2025-жылы жалпы унаа кырсыктары 2024-жылга салыштырмалуу 18,8%, каза болгондор 21,1%, ал эми жаракат алгандар 15,9% өскөн.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан “Кабар” агенттигине билдиришкендей, жол кырсыктарынын көбү жол эрежелерин бузгандан келип чыгат.
“2025-жылы Кыргызстан боюнча 8 миңден ашуун жол кырсыгы катталды. Жыйынтыгында 900дөн ашык адам каза болуп, 12 миң адам жабыркаган.
Жол кырсыктарынын басымдуу бөлүгү айдоочунун ылдамдыкты ашыргандыгынан, е туура эмес манёвр жасагандыктан, жолдун каршы тилкесине чыгып озуудан, транспорт каражаттарын мас абалында айдагандыктан, жол кесилишинде бири-бирин өткөрбөгөндүктөн, жол белгилерине баш ийбегендиктен, аралыкты сактабагандыктан келип чыккан”, - деп билдиришти башкармалыктан.
“Жол коопсуздугу” коомдук бирикмесинин жетекчиси Чынара Касмамбетованын пикиринде өлкөгө жаңы жетекчилик келген акыркы беш жылда жол эрежелерине тыкыр көңүл бурулуп, кескин чаралар көрүлүүдө.

“Мисалы, сынакты өз күчүң менен коррупциясыз тапшыруу, автомектептерди, лицензияларды, окутуу курстарын текшерүү жолго коюлду. Тийиштүү аракеттер жасалды, катаал чаралар көрүлүп жатат. Ошонун натыйжасында бүгүнкү күнү тармак жакшы жыйынтыктарга келди десе болот. Мурункудай айдоочулук күбөлүктөр сатылбайт же белек катары берилбейт. Сынактар абдан оор, аны тапшырмайынча эч ким күбөлүк ала албайт. Сынакка катышкандардын 30%ы өтүп, калган 70%ы улам-улам тапшырып жатышат.
Биз рынок шартында жашап жаткандыктан, мыйзамды бузбай иштеген жеке мектептерге да мүмкүнчүлүк берүү керек деп ойлойм. Эгер жакшы натыйжа берсин десек, жеке автомектептерди жабуу, 10 ай окутуу боюнча өзгөртүүлөрдү аябай талкуулап, шашпай ойлонуп, окуу программаларын бышыктап, анан киргизсе болот. Реформа бышпай калса да кийин суроолор пайда болушу мүмкүн. Мындан сырткары, мамлекеттик органдарда мыйзамсыз иштеп жаткандарды көзөмөлдөө, паракорлукту текшерүү боюнча инструменттердин баары бар. Коррупция менен күрөштө, аны кыскартууда мамлекет көп нерсе жасап жатат.
Маселе айдоочулардын жоопкерчилигинде да болуп жатпайбы. Балким жол эрежесин бузгандарга айып пул жетишпей жатат, балким соттук система алсыз болууда.
Мектептерде жол кыймылынын эрежесин окутуу идеясын 100% колдойбуз. Биз дал ушул жагдайга көңүл буруп, маселени көп ирет көтөргөнбүз. Мектепте окутса, балдарга, 10-11-класстын окуучуларына сиңет. Айрым башка мамлекеттерде мындан да эрте окута башташат. Албетте, окуу программасы кызыктуу, оңой жана түшүнүктүү болушу керек”, - деди “Жол коопсуздугу” коомдук бирикмесинин жетекчиси Чынара Касмамбетова