Бишкек, 03.02.26. /Кабар/. Бүгүн мектеп окуучуларын жалпы республикалык тестке (ЖРТ) даярдоо үчүн иштелип жаткан мобилдик тиркеме талкууланды. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.
Долбоор тесттик материалдарына бирдей жеткиликтүүлүктү камсыз кылууга жана өлкөнүн бардык абитуриенттери үчүн тең даярдык мүмкүнчүлүктөрүн түзүүгө багытталган. Тиркемеге ЖРТга кирген бардык предметтер боюнча суроолорду жайгаштыруу пландаштырылууда.

Тапшырмалар мурунку жылдарда Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору тарабынан түзүлгөн тесттердин негизинде иштелип чыгууда.
Учурда долбоор текшерүү баскычында турат. Тиркеме тиешелүү адистер тарабынан мазмуну текшерилгенден кийин ишке киргизилет жана акысыз жеткиликтүү болот.